00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандагы туроператорлор: туруктуу туризм, тармактын өсүшү жана лицензиялоо маселеси качан чечилет?
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
О вкладе российских ученых в изучение эпоса «Манас»
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
2030-жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү: негизги багыттар жана максаттар
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тамак-аш коопсуздугу камсыздалат — ЕАЭБдин техрегламенттери кандай иштеп жатат?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Финансовая безопасность со школы: в КР учат подростков распознавать мошенничество и защищать свои деньги
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От первых депутатов до восьмого созыва: как менялся парламент Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Экотехинспекция: Ошто жарылуу болгон май куюучу жай буга чейин да эреже бузган

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПоследствия пожара на АЗС Red Petroleum в айыльном округе Толойкон
Последствия пожара на АЗС Red Petroleum в айыльном округе Толойкон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки текшерүүлөрдүн жыйынтыгында май куюу жайынын ээсине кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилген.

ОШ, 1-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү жарылуу болгон май куюучу жай буга чейин да эреже бузуп, жарнамалык тактасын унаа жолдун кызыл сызыгына орнотуп алган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Кара-Суу району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсупов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 31-июлда саат 22.10дор чамасында Учар айылында жайгашкан Red Petroleum май куюучу жайдан өрт чыккан. Кийинчерээк кырсыкка 10 тонналык бензовоз станцияга май куюп жатканда жарылып кетиши себеп болгону айтылган. Каргашадан эч ким жабыркаган эмес. Ал эми Ош облустук милициясы бул боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Юсуповдун айтымында, буга чейин Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичирайонунда жайгашкан май куюучу жайда 2019-жылдын 20-мартында болгон жарылуудан соң Башкы прокуратура жана өкмөттүн тапшырмасынын негизинде Кара-Суу районундагы 63 май куюучу станция текшерүүгө алынган. Анын ичинде 31-июлда күйүп кеткен май куюучу жай да бар.

"Буга чейинки текшерүү учурунда бул жайда өрт чыккан учурда кабар берүүчү сигнализациясы иштебей тургандыгы аныкталган. Ал гана эмес, майдын баасы көрсөтүлгөн жарнамалык такта жолдун кызыл сызыгынан өтүп орнотулганы белгилүү болгон. Бул кемчиликтерди жоюу боюнча станция ээсине эскертүү жана убакыт берилген", — деди Юсупов.

Последствия пожара на АЗС Red Petroleum в айыльном округе Толойкон - Sputnik Кыргызстан
Тарпы чыккан бензовоз. Оштогу май куюучу жайдагы өрттүн кесепети сүрөттө
Ал ошондой эле март айындагы жарылуудан кийин район аймагындагы 63 май куюучу жайдын 58и текшерилгенин кошумчалап, алардан кээсинен кандай кемчилик табылганын да санап өттү.

Юсуповдун айтымында, Кара-Суу районундагы Silk Way деп аталган үч станция Кытай мамлекетине караштуу болуп, баш кеңсеси Бишкекте жайгашкандыктан, кызматкерлери Экотехинспекциянын өкүлдөрүн киргизбей, иштөөсүнө тоскоолдук жараткан. Бул боюнча алар райондук прокуратурага кайрылышкан.

Мындан сырткары, "Россия Нефть" ишканасынын төрт станциясында өрт коопсуздугу боюнча эрежелер сакталбагандыгы аныкталган. Бул факты боюнча акт түзүлүп, 7500 сом айып пул салынган.

"Tомас" ишканасына таандык делген төрт станциянын салынышында имараттардын ортосундагы аралык 50 метрге жетпегендиги аныкталды. Бул боюнча материал сотко өткөрүлөт. Себеби станция биринчи курулуп, андан кийин салынган имараттар эреже-норманы бузганбы же тескерисинчеби? Бул маселени сот териштирет. Мындан сырткары, аталган төрт станциянын курулушу мамлекеттик кабыл алуудан өткөрүлбөй туруп иштеп жатканы аныкталды.Райондук архитектуранын же башка тиешелүү кызматтардын уруксаты жок туруп, ээси өзүм билемдик менен Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылына курган станция боюнча ишти да райондук сотко өткөрдүк", — деди Юсупов.

Ал сигнализациясы иштебеген же өрт өчүрүүчү шаймандары жок станция ээлеринин баарына тең эскертүү берилгенин айтты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0