БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде суу куурларын оңдоо үчүн казылган аңга Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кетти. Кырсыктын сүрөтү "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
ЖКККББ маалыматты ырастап, жол кырсыгы 18-июлда таңкы саат 4:30дар чамасында Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди.
Кырсыкка кабылган машинанын ичинде айдоочу гана болгон. Ал жаракат алган эмес.