БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Урал федералдык университетинин студенти Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда эсин жоготту.
Окуя 9-июлда Екатеринбург шаарында болгон. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп жаткан. Бир сааттан кийин катышып жаткан студент кыз өзүн жаман сезип, полго жыгылган. Путин аны көргөндөн кийин кызга тезинен жардам берүү керектигин айтып, дарыгер чакырууну өтүнгөн. Окуянын видеосу Twitter социалдык тармагына жарыяланды.
«Помогите, пожалуйста! И доктора найдите!»: Девушке стало плохо на встрече президента со студентами, вице-премьер Голикова пошла оказывать помощь pic.twitter.com/L8VMkdtPH2
— Дмитрий Смирнов (@dimsmirnov175) 9 июля 2019 г.
"Кызга жардам бергиле. Акырын алып чыккыла. Олуттуу эч нерсе жок деп ойлойм", — деди Путин.
Залда отурган вице-премьер Татьяна Голикова кызга жардам берүү үчүн сыртка чыккан.