БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кытайда 19-кабаттан кулаган терезе башына тийген киши аман калган.
The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, кырсык 17-июнь күнү Шаньдун провинциясында болгон. Окуя видеокамерага түшүп калган.
Кадрлардан кишинин көп кабаттуу үйдүн алдынан өтүп баратканын, кокус эле үстүнө терезенин рамасы кулап кеткенин көрүүгө болот. Жыгылып калган кишиге башкалар жардам берүү үчүн жанына чуркап келишкен.
Оконная рама упала с 19-го этажа. Слава Богу мужчина выжил. pic.twitter.com/gHdV5skzVT
— Kanybek Beishenbekov (@kbeyshenbekov) 21 июня 2019 г.
Алдын ала маалымат боюнча, батирлердин биринин ээси терезенин рамасын өз алдынча орнотмокчу болуп, капысынан түшүрүп ийген.
Ушу тапта жабырлануучу ооруканада, абалы туруктуу деп бааланууда.
Кытайдын дагы бир провинциясында мотоцикл айдап бараткан кыздын үстүнө "асмандан" эле каз кулап кеткен.