00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
3 мин
Таберик
СССРдин Эл артисти Дарыйка Жалгасынова эскерүүлөр
17:07
23 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бул да "алачыкта" жашайт экен. Таластын акимдеринин болгон байлыгы тизмектелди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТаласская область в Кыргызстане
Таласская область в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таластын район башчылары башка аймактардын акимдеринен айырмаланып мал бакпайт. Бирок "турак жайым жок" деп мусапырланган жагынан окшоштук бар. Ал эми Манас районунун акими алачыкта жашайт десе ишенесизби? Дагы кимдин кандай байлыгы бар, төмөндөгү материалга көз чаптырыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин мал-мүлкүн тизмектөөнү улантат. Бул ирет төрт районду камтыган Талас облусундагы акимдердин мал-мүлкүн карап чыктык.

Материал акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясынын негизинде даярдалды. Анда район башчысынын өзүнө жана жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлкү жазылган. Жакын туугандарына аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

Манас району

Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринин да унаасы жок. Баткен акимдеринин мал-мүлкү тизмектелди
Бектеналы Дүйшөбаев Манас районун 2017-жылдын 13-февралынан бери башкарып келет. Ага чейин ушул эле администрацияда 10 жыл акимдин биринчи орун басары, эки жыл аппарат жетекчи болуп иштеген. Дүйшөбаевдин 2017-жылдагы кирешеси 336 миң сомду түзгөн. Таң калычтуу жери, жашаган үйүнүн аянты болгону 15 чарчы метрди түзөрүн жазган. Муну бир алачыктын аянты менен салыштырууга болот. Кышы-жайы ал жерге үй-бүлөсү менен кантип батып, жашап жатканы белгисиз. Баса, "алачыкта" жашаган Манастын эле акими эмес, Кара-Суу районунун башчысы Тилек Матраимов дагы 10 чарчы метрлик тамда жашаганын маалымдаган болчу.

Дүйшөбаев жакын туугандары тууралуу ооз ачкан эмес, анысы бир да киреше таппайт, эч кандай мүлккө ээлик кылбайт дегенди түшүндүрөт.

Кара-Буура району

Баратбек Сыдыкназаров Кара-Буура районуна аким болуп 2016-жылдын августунда дайындалган. Ага чейин ушул эле Социалдык фондунун райондук бөлүмүн жетектеген. Ал жылдык кирешеси 523 миң сом болорун көрсөткөн. Айыл чарба багытындагы жери бар. Документке таянсак, Сыдыкназаровдун алачыктай дагы баш калкалоочу үйү жок экен. Жакын туугандары да там салган эместигин билдириптир. Кайда жашап жатканы табышмак. Маянасынан сырткары да киреше булагы жок экенин жазган.

Талас району

Бакытбек Нуржанов 2015-жылдын декабрында Талас районунун акими болуп дайындалган. Үч жылдан ашуун иштеп 2019-жылдын башында өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кеткен. Ал бир жылда 279 миң сом тапкан. Муну 12 айга бөлгөндө маянасы 23 250 сом экенин билүүгө болот. Бир батирге ээлик кылат жана Honda үлгүсүндөгү унаасы бар экенин көрсөткөн. Бирок кандай түрү экенин так жазган эмес. Мал-жаны, баалуу буюмдары жок экенин белгилейт. Жакын туугандарынын мүлкү тууралуу да маалымат берген эмес.

Бакай-Ата району

Канимет Осмонбеков Бакай-Ата районун 2014-жылдан бери жетектеп келген. Кийин 2018-жылдын февралында өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басарлыгына дайындалды. 2017-жылы 301 миң сом киреше чогулткан. Осмонбеков башка кесиптештерине салыштырмалуу декларациясына кененирээк маалымат жазган. Үйүнүн аянты 170 чарчы метр, айыл чарба багытындагы 3 гектардай жерди иштетет. Honda CR-V үлгүсүндөгү унаа айдайт экен. Үйүндөгү эмерек, тиричилик техникаларынын баасы 260 миң сомду түзөт. Ал эми жакын туугандарынын жылдык кирешеси 472 миң сомго жетет. Алар да бир турак жайдын ээси.

Въезд в город Джалал-Абад - Sputnik Кыргызстан
Ноокендин башчысы төрт хан сарайда жашайбы? Жалал-Абаддагы акимдердин байлыгы
Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Баса, Алмазбек Атамбаевдин экс-жан сакчысы Дамир Мусакеевге жана мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге ушул берене боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголгон.

Мамлекеттик кызматкер декларацияда кайсы мүлктөрүн көрсөтүүгө тийиш:

  • Кыймылсыз мүлк;
  • Кыймылдуу мүлк;
  • Автотранспорттук каражаттар;
  • Маданий баалуулугу бар менчиктер жана өлкө мыйзамдарына ылайык эски буюм катары таанылган буюмдар;
  • Улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;
  • Баалуу кагаздар;
  • Мал жана башка жандыктар;
  • Зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;
  • Жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;
  • Уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.
Жаңылыктар түрмөгү
0