Тилек Матраимов "алачыкта" жашайт экен. Оштогу акимдердин кандай байлыгы бар?

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин 2017-жылга карата тапшырган декларациясын карап көрүүнү чечти. Алгачкылардан болуп Ош облусундагы акимдердин байлыгын карап чыктык. Ал жактан бир топ кызыктарды кездештире аласыз. Көбүнүн турак жайы, жеке унаасы жок экен десе таң калбаңыз.

Ош облусундагы жети акимдин Салык кызматына тапшырган декларациясында айрымдары уюлдук телефону, үйүнө салган килеми, үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөйкө-шакегине чейин көрсөткөн. Бирок кагаз түрүндө жакыр акимдер да жок эмес экен. Мисалы, Алай районунун башчысы Илияз Ташкуловдун унаа бул жакта турсун, баш калкалоочу үйү да жок экен. Ал эми Кара-Суунун акими Тилек Матраимовдун турак жайынын аянты болгону 10 чарчы метр. Жакындарына да эч кандай мал-мүлк катталган эмес.

Декларацияда акимдин өзүнө, жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлк жазылат. Жакын туугандарына — аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

Илияз Ташкулов Алай районунун акими болуп 2016-жылдын февралында дайындалган. Декларациясына миллион сомго чукул кирешесин гана көрсөтүп, чыгашасы тууралуу жазган эмес. Ташкулов бир да турак жайга, автоунаага жана мал-жандыкка ээлик кылбайт. 

"Райым миллион" деген аты менен таанымал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун агасы Тилек Матраимов Кара-Суу районун башкарат. Ал бул кызматка 2012-жылы дайындалган.

Матраимов жылына 1,5 миллион сом киреше табат. Бирок жашаган үйүнүн аянты болгону 10 чарчы метр. Муну студенттердин жатаканасынын бир бөлмөсү менен салыштырууга болот. Мал чарбачылыгын өздөштүрүп жылкы, уй, кой кармайт экен. Бирок жеке унаасы жок. Жакын туугандарынын да эч кандай мүлкү жок.

Примберди Дыйканов Кара-Кулжа районуна 2017-жылдын 14-июнунда аким болуп дайындалган. Алты айлык кирешеси 300 миң сомдой болгон. Анын аянты 215 чарчы метрлик турак жайы, шаарда батири да бар. Бирок жеке автоунаасы жок. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири да мал-мүлккө ээ эмес.

Давранбек Маматалиев Ноокат районун 2017-жылдын февраль айынан бери башкарууда.

Ал декларациясында автоунаасы, мал-жандыгы жана тиричилик техникасына чейин көрсөткөн. Бирок жашай турган үйү жок. Жакын туугандарынын да эч кандай байлыгы жок болуп чыкты.

Жумадилла Жапаров Чоң Алай районун 2015-жылдан бери жетектейт.

Бул акимдин жеке унаасы жок. Бирок бир турак жайга, шаарда бир батирге ээлик кылат. 560 миң сомдук мал-жандыгы бар. Ал эми жакын туугандарынын айыл чарба багытындагы 0,03 гектар жеринен башка эч бир мүлкү жок.

Олжобай Осмоналиев Өзгөн районуна 2017-жылдын мартында аким болуп дайындалып, 2018-жылдын июль айына чейин иштеген.

Ал башка акимдерден айырмаланып мүлкү тууралуу кененирээк маалымат берген. Мал-жандыгынан сырткары үй эмеректерин да көрсөткөн. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешесин да жашырбай, унаасын, батирин, зер буюмдарына чейин жазган. Ага ылайык, сөйкө, шакек, чынжырчаларынын баасы 175 миң сомду түзөт.

Курбанбек Айтибаев 2014-жылдан бери Араван районунда акимдин кызматын аркалап жатат.

Авто Тюнинг Шоу в Сокольниках - Sputnik Кыргызстан
Өз унаасы жок өкмөт мүчөлөрүнүн тизмеси. Алардын катарында транспорт министри бар
Жетекчи жылдык киреше-чыгашасы, үйү, мал-жандыгын көрсөткөн. Мындан сырткары, уюлдук телефон, видео, аудио техникалары, муздаткыч, кондиционер жана башка чарба буюмдарынын баасын жазган. Бирок анын да автоунаасы жок экен. Ал эми жакын туугандарынын зер буюмдары 500 миң, килем, паластарынын баасы 130 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0