БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек-Ош трассасындагы Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышкандыгын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек-Ош трассасындагы Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышты
![Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышты. Сүрөт Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышты. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104436/89/1044368944_0:0:1010:1347_600x0_80_0_0_bd9fc545a35b3ffbfe6d3f890d10e275.jpg)
Бишкек-Ош трассасындагы Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышты
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Жол кырсык ишемби күнү, 18-майда эртең менен болуп, Mercedes-Benz менен Toyota Ist кагышкан. Анын кесепетинен Toyota автокөлүгүнөн 5 киши жабыркаган. Куткаруучулар тоннелден жабыркагандарды алып чыгып, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшкөн. Андан соң Кара-Балта шаарындагы ооруканага жеткирилген.
Mercedes автоунаасында үч киши болгондугу жана алардын жабыр тартпаганы айтылды.