"Катюша" бүгүнкү күндө да бүткүл постсоветтик мейкиндикте, Италия жана Израилде абдан популярдуу болсо, Кытайдын армиясы күнүмдүк турмушунда да ырдайт. Мындан сырткары, бул ыр грек жана италиялык партизандардын гимнине да айланды.
Ырдын жаралышы
1938-жылы белгилүү советтик акын Михаил Васильевич Исаковский Катюша деген кызга арнап ырдын бир нече сабын жазып, бирок андан ары уланта албай коёт. Капысынан композитор Матвей Блантерге жолугуп калып, ага "Катюша" тууралуу айтып берет. Блантер чыгарманы абдан жактырып калат да, Исаковскийге айтпастан ырдын обонун жазат. Андан соң гана ырдын аягын жазып берүүнү өтүнөт. Исаковский Блантердин өтүнүчүн аткарып, ырдын текстин толук бүтүрөт.
"Катюшанын" элдин сүймөнчүгүнө айланышы
Исаковский менен Блантер бул чыгармасы менен элдин мүдөөсүн аткарган. Бир жагынан ырдын саптарында саясат жок болсо, экинчи жагынан ырда муң менен кайгы дагы жок, ыргагы динамикалуу. "Ата мекениңди көздүн карегиндей сакта", "Эсиңде болсун, үйдө сени сүйүктүү кызың күтүп жатат...", "Ал мени кандай гана душман болбосун ойронун чыгарат деп ишенет", "Сен аман-эсен үйүңө кайтып келесиң" деген саптар элдин жүрөгүнө абдан жакын эле.
Биринчи жолу бул ырды 1938-жылы 27-ноябрда белгилүү совет ырчысы Валентина Батищева Москва шаарындагы Союз үйүнүн Колонна залында ырдайт. "Катюша" биринчи жолу пластинкага Батищеванын аткаруусунда жаздырылган.
СССРдин аймагында "Катюша" дароо элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Өлкөнүн булуң-бурчунда өткөн концерттерде угуучулар "Катюшаны" сөзсүз төрт-беш жолу ырдап берүүнү суранчу. Ал эми пластинкага жазылган бул ырды угармандар издеп жүрүп, сатып алышчу.
"Катюшанын" элдик гимнге айланышы
1941-жылы советтик аскердик өнөр жайы жаңы гвардиялык БМ-13 реактивдүү миномётун чыгарат. Бул курал кан майданда согуш бүткөнчө фашисттердин жүрөгүнүн үшүн алат. Жогоруда сөз болгон куралды совет эли жана гитлерчилер "Катюша" деп аташат. Белгилей кетсек, биринчи жолу Белоруссияда капитан Флеровдун кол астындагы реактивдүү миномёттун батареясы ырда ырдалгандай, Днепр дарыясынын жээгинен Гитлердин армиясына каршы сокку урат. Андан кийин чыккан реактивдүү миномёттун жаңы түрлөрүн эл эркелетип "Катюша" деп атады. Анын үстүнө бул ыр грек менен италиялык партизандарга да кеңири тарап кетет. Италияда "Катюшаны" антифашисттер "Катарина" деп аташты. Ал эми француз партизандары аны Fischia il vento ("Шамал үйлөйт") деп, Каршылыктын гимнине айлантышкан.
Душмандар да жакшы көрчү
Улуу Ата мекендик согуштун ардагеринин эскерүүсүндө Ленинграддын алдында совет жана немис аскерлеринин казган окоптору 700-800 метр аралыкта болгондуктан, бири-биринин сүйлөшкөнү угулуп турчу экен. "Бир жолу түн ичинде гитлерчилер советтик жоокерлерден мегафон аркылуу "Катюшаны" ырдап берүүсүн суранышат. Анан эки айыгышкан душмандар биригип ушул ырды ырдашкан" деп жазган ардагер.
Дүйнөнү бириктирген ыр
Ошол эле учурда Корея жана Японияда да "Катюша" абдан популярдуу ыр. Токиодо "Катюша" деп аталган кафе бар. 1985-жылы Смоленск облусунда Угранский районундагы Всходы кыштагынын Маданият үйүндө "Катюша" ырынын музейи ачылган. Бул айылдан анча алыс эмес жерде Михаил Исаковскийдин кичи Мекени Глотовка кыштагы жайгашкан. Блантер менен Исаковский элдин сүймөнчүгүнө айланган бир топ ырларды жазышкан. Бирок "Катюша" ыры калың журттун арасында чыныгы элдик ыр болуп калды.