Мектепке төлөгөн акчабыз кайда? Новопавловкалык ата-энелер митингге чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүйдүн Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектеп директорунун "ыксыз акча чогултушуна" нааразы болуп, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты
Чүйдүн Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектеп директорунун ыксыз акча чогултушуна нааразы болуп, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ал жерде 100дөй адам турат.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Чүйдүн Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектеп директорунун "ыксыз акча чогултушуна" нааразы болуп, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖители села Новопавловка вышли на митинг к Белому дому против сбора денег в УОКЛ №1
Чүйдүн Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектеп директорунун ыксыз акча чогултушуна нааразы болуп, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
1/4
Чүйдүн Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектеп директорунун "ыксыз акча чогултушуна" нааразы болуп, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты
© Sputnik / Табылды КадырбековЖители села Новопавловка вышли на митинг к Белому дому против сбора денег в УОКЛ №1
Алардын негизги талабы — ата-энелерден мектеп фондусуна деп чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү - Sputnik Кыргызстан
2/4
Алардын негизги талабы — ата-энелерден мектеп фондусуна деп чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү
© Sputnik / Табылды КадырбековЖители села Новопавловка вышли на митинг к Белому дому против сбора денег в УОКЛ №1
Өзүн аталган мектепте окуган эки окуучунун атасымын деп тааныштырган Мурат Сатаевдин айтымында, ата-энелер 2-апрель күндөн тарта мектеп жетекчилигинен акча боюнча жооп ала албай келет - Sputnik Кыргызстан
3/4
Өзүн аталган мектепте окуган эки окуучунун атасымын деп тааныштырган Мурат Сатаевдин айтымында, ата-энелер 2-апрель күндөн тарта мектеп жетекчилигинен акча боюнча жооп ала албай келет
© Sputnik / Табылды КадырбековЖители села Новопавловка вышли на митинг к Белому дому против сбора денег в УОКЛ №1
Митингдин катышуучулары фондго делген акчадан сырткары, ай сайын майрамдарда, киного, концертке, циркке деп улам-удам акча сурала берерин кошумчалашты. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Митингдин катышуучулары фондго делген акчадан сырткары, ай сайын майрамдарда, киного, концертке, циркке деп улам-удам акча сурала берерин кошумчалашты.
1/4
Чүйдүн Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин окуучуларынын ата-энелери мектеп директорунун "ыксыз акча чогултушуна" нааразы болуп, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты
2/4
Алардын негизги талабы — ата-энелерден мектеп фондусуна деп чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү
3/4
Өзүн аталган мектепте окуган эки окуучунун атасымын деп тааныштырган Мурат Сатаевдин айтымында, ата-энелер 2-апрель күндөн тарта мектеп жетекчилигинен акча боюнча жооп ала албай келет
4/4
Митингдин катышуучулары фондго делген акчадан сырткары, ай сайын майрамдарда, киного, концертке, циркке деп улам-удам акча сурала берерин кошумчалашты.

Эске салсак, ата-энелер буга чейин дагы мектептин алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

Алардын негизги талабы — ата-энелерден мектеп фондусуна деп чогултулган акчанын кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү.

Өзүн аталган мектепте окуган эки окуучунун атасымын деп тааныштырган Мурат Сатаевдин айтымында, ата-энелер 2-апрель күндөн тарта мектеп жетекчилигинен акча боюнча жооп ала албай келет.

"Мектеп директору акчанын кайда кетип жатканын такыр эле айткысы жок. Акчабызды чогулткан фонддун директорун ата-энелер тааныбайт экен, директор өзү эле шайлап алган окшойт. Андан сурасак, "документтердин баары директордо, мен кийин эле келдим" деп качып жүрөт. Жергиликтүү органдарга кайрылып, алардан дагы жыйынтык чыкпаганда айласыздан митингге чыгып жатабыз", — деди Сатаев.

Анын айтымында, 1-4-класстын окуучулары айына 700 сомдон, 5-11-класстар 500 сомдон төлөйт.

Жапаров менен Текебаевдин жактоочулары кантип митинг өткөрдү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жапаров менен Текебаевдин жактоочулары кантип митинг өткөрдү. Видео
"Кенже класстардын 700 сомунун 200 сому тамакка кетет деп айтышкан. Калганы боюнча эс нерсе билбейбиз. Мектепте 4,5 миң окуучу бар. Ошондо канча акча чогуларын элестетип көргүлө. Балдар "акча алып кел деп мугалим урушуп жатат" деп ыйлап келишет. Аларга бир топ психологиялык чабуул жасалып жатат. Мектеп бай-кедей болуп экиге бөлүнүп калган", — деди кейиген ата.

Митингдин катышуучулары фондго делген акчадан сырткары, ай сайын майрамдарда, киного, концертке, циркке деп улам-удам акча сурала берерин кошумчалашты.

Мындан тышкары, ата-энелер мектепте жакшы шарттар жок экенин да айтышты.

Ушу тапта билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жана статс-катчы Жапаркул Ташиев келип, ата-энелердин сегиз активисти менен сүйлөшүү үчүн кирип кетти.
Мындын сырткары, митингчилер менен президенттик аппараттын социалдык секторунун жетекчиси Савитакун Исаков жолукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0