RT агенттигинин маалыматы боюнча 25 жаштагы Бивар Абдулла өзү туулуп-өскөн Соран шаарында популярдуу болуп турган чагы. Өткөн-кеткендер аны жолдон токтотуп алып сүрөткө түшүшөт.Анын айтымында, мындай көрүнүш күнүнө 3-4 ирет кайталанат.
"Мени Криштиану Роналдуга окшоштургандар арбын. Учурда социалдык тармактагы баракчама жазылгандардын саны көбөйүүдө", — деди Абдулла журналисттерге.
25-year-old Biwar Abdullah is popular in northern Iraq due to his striking resemblance to Portugal’s soccer captain Cristiano Ronaldo pic.twitter.com/BniRkx4Ub9
— Reuters Top News (@Reuters) 8 апреля 2019 г.
Жаш жигит курулушта иштейт. Бош убактысында достору менен футбол ойнойт. Ошондой эле кумири Роналду менен жолугууну кыялданат.
Жакында эле ММА дүйнөсүндө Конор Макгрегордун "клону" пайда болгон.