https://sputnik.kg/20190405/kyrgyzstan-dtp-avariya-gibel-deti-1043862372.html
Жубайлар эки баласы менен каза болду. Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү
Жубайлар эки баласы менен каза болду. Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Окуя жумага караган түнү саат 00.30да болду. Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде Volkswagen Golf 3 жана Toyota Ist унаалары кагышкан. 05.04.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-04-05T09:51+0600
2019-04-05T09:51+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104386/21/1043862141_0:423:1011:995_1920x0_80_0_0_34cf5a48b247f0a83cc8bbcf60428b83.jpg
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104386/21/1043862141_0:392:1011:1026_1920x0_80_0_0_a1007945581fa7419644c04af13fdbdb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, окуялар, кыргызстан, ысык-көл, 2019-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
жаңылыктар, окуялар, кыргызстан, ысык-көл, 2019-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Жубайлар эки баласы менен каза болду. Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү
09:51 05.04.2019 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Окуя жумага караган түнү саат 00.30да болду. Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде Volkswagen Golf 3 жана Toyota Ist унаалары кагышкан.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир үй-бүлө каза тапты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Окуя жумага караган түнү саат 00.30да болду. Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде Volkswagen Golf 3 жана Toyota Ist унаалары кагышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, Volkswagen автосунун 42 жаштагы айдоочусу чыгыштан батышты көздөй баратып, каршы тилкеде келе жаткан Toyota унаасы менен сүзүшкөн. Анын рулунда 56 жаштагы жаран болгон.
Volkswagen унаасынын айдоочусу, 41 жаштагы жубайы жана алардын беш, үч жаштагы уулдары кырсык болгон жерде көз жумду. Ал эми алты жаштагы кызы менен 37 жаштагы жүргүнчү Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилди. Ошол эле ооруканага Toyota автокөлүгүнүн да бир жүргүнчүсү түштү.
Тиешелүү экспертизалар жасалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.