БИШКЕК, 4-апр.— Sputnik. Букмекерлер Антонина Шевченконун америкалык Роксана Модаффери менен, ошондой эле Рафаэль Физиевдин россиялык Магомед Мустафаев менен болчу беттешинде спортчулардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык экенин айтышты.
UFC Fight Night 149 турнири 20-апрелде Санкт-Петербургда "Юбилейный" спорт комплексинде болот. Физиев үчүн бул UFC турниринин алкагындагы биринчи беттеш.
1xBet букмекердик конторасы кыргызстандык спортчу Шевченкого 1,296 коэффициентин берсе, поляк кызыныкы 3, 42ди көрсөткөн. Башкача айтканда, кыргызстандык кыздын жеңүүсү ыктымал. Беттеште спортчулар тең болуп калышы мүмкүн эмес, анткени эки коэффициенттин айырмасы өтө эле чоң — 71.
Ал эми Физиевдин жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү азыраак. Кыргызстандык спортчунун коэффициенти 2,33 болсо, россиялык Мустафаевдики 1,61ди көрсөткөн.
Физиев биринчи таймашын былтыр Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин тандоо турунда көрсөтүшү керек эле. Бирок ал АКШ визасын ала албай калып, мелдешке катышпай калган.
Уюштуруучулар Шевченко менен каршылашынын кармашын UFC боюнча россиялык турнирлердин тарыхында биринчи аялдар беттеши болорун айтышкан.
Модаффери — чемпион титулунун мурунку талапкери. Акыркы беттешин ал былтыркы жылдын ноябрь айында өткөрүп Сиджаре Юбэнкске утулуп калган.
Антонина Шевченконун UFC турнириндеги биринчи беттеши 2018-жылдын декабрь айында болгон. Анда спортчу Түштүк Кореянын мушкери Жи Йон Ким менен кармашып, жеңишке жеткен.