БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Баткенде очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жер 29-мартка караган түнү титиреген. Силкинүү Баткен районунун Кыштут, Тескей жана Жаңы-Коргон айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.