Эл көп чогулган жерлерде имараттын ичин желдетип туруу менен көптөгөн жугуштуу оорулардын алдын алса болот. Ошондой эле ооруканаларда кварц лампаларын колдонуу менен зыяндуу бактерияларды жок кылып турушат. Бул тууралуу Жибек Урбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бала бакча, мектеп, ооруканалар курулуп жатканда каяктан шамал согот, терезелери кандай болушу керек, бөлмөгө жеткиликтүү жел киреби деген критерийлер эске алынышы керек.
"Өзгөчө адам көп топтоло турчу жайларда бул процедураны күнүнө 1-2 маал сөзсүз жасап туруш керек. Таза аба имаратты желдетип эле тим болбостон, андагы зыяндуу бактерияларды да өлтүрөт. Оорукана, бала бакча, мектептерде курулуш жүрүп жатканда эле бул нерсе эске алынышы керек. Кыргызстанда мындай коомдук жайлардагы абалды Санитардык-эпидемиологиялык департаменти көзөмөлдөп турат", — деди Урбаева.
Адис аталган эрежелер дарыкана, чачтарачкана жана коомдук тамактануучу жайларда да сакталышы керектигин кошумчалады.