Кытайда аба ырайын айткан теле алып баруучу социалдык тармак колдонуучуларын таң калтырууда. Эч карыбаган аялдын теледеги ирмемдери интернет айдыңында талкууга түшкөн.
本日のCCTV天気予報、楊丹さんの服装も祝日仕様。 pic.twitter.com/GxVWXVXu58
— 橋本 浩之 (@qiaoben1967) 23 сентября 2018 г.
Биринчи ирет ал тууралуу дүйнө эли 8-мартта Кытайдын борбордук телевидениеси ар жылкы кадрлардын үзүндүсүн чогултуп даярдаган видеосунан көрүшкөн.
Алып баруучу Янг Дан алгачкы ирет 1996-жылы 22 жашында экранга чыгып аба ырайын айткан. Андан бери 23 жыл өтсө да ал сынынан кеткен эмес.
Өкмөттүн расмий сайтындагы маалымат боюнча Янг Дан 1973-жылы ноябрь айында туулган, учурда 44 жашта.
2012-2013-жылдары "Алтын микрофон" номинациясына ээ болгон. Янг Дандын жаштыгынын сыры эмнеде экенин эч ким билбейт. Колдонуучулар аны "картайбаган сулуу" деп суктанышкан.