Өзбекстандын элчиси: Боомго баргандагы учур эсимден кетпейт...

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов
Кыргызстандагы Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов Боом капчыгайына баргандагысын эч унутпайт. Ал жактан элчи дипломаттарга тамак даярдаган үй кожойкеси менен таанышып, дасторкон жаюуга да кол кабыш кылат. Баарлашып отуруп, бир маалда алардын аңгемесине айланасындагылар таңдана карап турушканын байкайт...

Кыргызстанда жашаган алты жыл ичинде Өзбекстан Республикасынын атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Комил Рашидов тоолуу чакан өлкөнүн турмушун жакшы билип калды. Ал эки мамлекеттин өз ара мамилеси, соода-сатыгы тууралуу айтып берди.

— Өзбекстанда Кыргызстандан барган кайсы товарларды жакшы алышат? Эки өлкө ортосундагы соода келечеги туурасында билгибиз келет.

— Акыркы эки жылда экономикалык мамиле жаңы деңгээлге чыкты. Бул мезгил аралыгында соода айлантуу эки эсе өсүп, 2018-жылдын январь-ноябрь айларында ал 360 миллион долларды түзгөн. Президенттерибиз бул көрсөткүчтү жарым миллиард долларга жеткирүү маселесин коюшту, бул колубуздан келет.

Ушул тапта Кыргызстандан барган товарларга Өзбекстанда талап жакшы. Мисалы, бизде курулуш күч алды, өзбекстандык цемент заводдорунун кубаттуулугу жетпейт. Биздин курулушчулар Кыргызстандан ири көлөмдө цемент ташууда.

Өзбекстандыктар ошондой эле азыр Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясын пайдаланат. Анткени көптөгөн энергетикалык ишканаларыбыз ушул тапта кайра жаңыртылууда, андыктан, өлкөнүн өз электри жетишсиз.

Посол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыздарды көчүрүү боюнча кеп жүргөн эмес. Афган элчиси менен маек
Биз айырбаштай турган товарлар өтө көп. Маселен, Өзбекстан бул жакка автомобиль, пахта үрөнү, буудай, сантехника, кездеме, кийим жана башка көп нерселерди ташууга даяр. Биргелешкен ишкана куруу, башка мамлекеттердин рыногуна чогуу чыгуу эки өлкөгө тең пайдалуу. Ош облусунда кыргыз-өзбек заводу ишке кирген, анда металл-пластик терезе жана каалгалар чыгарылат.

Ошондой эле жарым автоматтык кир жуугуч машиналарды чыгарган ишкана бар. Бул жогорку технологиялык өндүрүшкө немец технологиясы киргизилген.

— Кыргызстандыктар бир жылдан бери эле өзбек автоөндүрүшүн күтүп келет, бирок анын карааны көрүнбөйт...

— Кыргызстандын аймагында автомобиль куроо боюнча ири ишкананы ачуу экономикалык жактан канчалык негиздүү экендиги боюнча азыр эки өлкөнүн экономикалык мекемелери жана UzAutoSanoat компаниясынын жетекчилигинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Ооба, ишкананын өзүндө көйгөйлөр чыкты. Бирок ушул тапта жагдай жакшырып, көптөгөн маанилүү жаңычылдыктар пайда болду. Маселен, мурда машина алуу кезеги бузулуп жатканына нааразы болушчу. Эми электрондук кезек киргизилди.

Ошондой эле биз Өзбекстандагы машиналардын түрүн жогорулатуу үчүн Кытай, Корея, Франция автомобилдик концерндерин да тартууга ниеткербиз.

Ал эми Кыргызстан боюнча биргелешкен айыл чарба техника өндүрүшү боюнча долбоор бар. Бул фермерлерге чоң көмөк болот, ишке ашыра алсак, үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна жөнөтүлгөн жашылча-жемиштерибиздин көлөмүн дагы көбөйтө алабыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзбекстандын Крыгызстандагы элчиси Комил Рашидов: Ушул тапта Кыргызстандан барган товарларга Өзбекстанда талап жакшы. Мисалы, бизде курулуш күч алды, өзбекстандык цемент заводдорунун кубаттуулугу жетпейт. Биздин курулушчулар Кыргызстандан ири көлөмдө цемент ташууда.
Өзбекстандын элчиси: Боомго баргандагы учур эсимден кетпейт... - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын Крыгызстандагы элчиси Комил Рашидов: Ушул тапта Кыргызстандан барган товарларга Өзбекстанда талап жакшы. Мисалы, бизде курулуш күч алды, өзбекстандык цемент заводдорунун кубаттуулугу жетпейт. Биздин курулушчулар Кыргызстандан ири көлөмдө цемент ташууда.

— Өзбек өндүрүшүндөгү Ravon автомобили Кыргызстанда кеңири белгилүү. Бирок күзүндө "Женерал Моторс Өзбекстан" компаниясы алар дагы 8 пайызга кымбаттай турганын жар салган.

— Өткөн жылы Өзбекстан өз валютасын либералдаштырууга өттү, бул чындап эле баанын жогорулашына себеп болду көрүнөт. Бирок автомобиль сатып алуучуларга ар кандай арзандатуулар жана акциялар каралган. Машинаны насыяга да алууга болот. Мен өзүм жакында эле Ravon унаасын алдым, жарым баасын дароо төлөп, калганынан кийин кутулам.

— Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга акча табуу үчүн көп келишүүдө. Алар эбак ишке орношуу рыногунда олуттуу атаандаштыкты жаратып коюшту. Кыргызстанда иш табуу үчүн өзбекстандыктар эмнелерди билүүгө тийиш?

Посол Кыргызстана в Турции Ибрагим Жунусов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жунусов: Түркияга жумушка чакырган көрнөк-жарнактарга ишенген болбойт
— Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түбөлүк достук тууралуу келишим бар, анда эки мамлекет тең жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп берүүсү каралган. Биринчи кезекте Өзбекстандын бардык жарандарын Кыргызстандын мыйзамдарын, ошондой эле сиздердин өлкөнүн салт-санаа жана маданиятын сыйлоого чакырат элем.

2006-жылдан бери мамлекеттер аралык визасыз режим күчүндө, бирок беш иш күн аралыгында убактылуу каттоого туруу зарыл. Бул норма сакталбаса, 10 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынат.

Ошондой эле иш берүүчү жумушка мыйзамдуу негизде алып жатканын тактап алуу зарыл. Билишимче, бул жакка турист катары келген өзбекстандыктардын да саны артууда. Быйыл эле Ысык-Көлдө Өзбекстандын 300 миңдей жараны эс алып кетти.

— Жакында эле Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасы боюнча тартылган "Делбирим" кыргыз-өзбек тасмасы элге тартууланды. Фильм купулуңузга толдубу?

— Ташкентте фильмдин премьерасы Алишер Навои атындагы Кино ордосунда өттү. Бир жарым миң көрүүчү бата турган залда аншлаг болуптур.

Мен тасманы Бишкекте кыргыз тилинде көрдүм. Өлбөс баянды заманбап жасалга менен кайра тартышканы мага жакты. Бул фильм биздин маданиятыбыз, жашоо образыбыз жана достугубуз тууралуу көптү айта алат.

Тасманы тарткандар да актерлорду туура тандоо менен көздөгөндөрүн ишке ашырган. Менимче, ушул чөйрөдө кызматташууну улантуу абдан маанилүү.

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзбекстан бул жакка автомобиль, пахта үрөнү, буудай, сантехника, кездеме, кийим жана башка көп нерселерди ташууга даяр
Өзбекстандын элчиси: Боомго баргандагы учур эсимден кетпейт... - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан бул жакка автомобиль, пахта үрөнү, буудай, сантехника, кездеме, кийим жана башка көп нерселерди ташууга даяр

— Саясий темадан кеп козгосок. Өзбекстандын ЖККУга кайтары күтүлөбү?

— Республиканын тышкы саясий ишмердиги концепциясында Өзбекстан аскерий-саясий блокторго, анын ичинде ЖККУга кошулбайт деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле биздин аскердик кызматкерлер Өзбекстандын сыртында тынчтыкты орнотуу операцияларына катышпайт. Өз аймагыбызга да чет элдик аскердик базаларды жайгаштырбайбыз.

Ошентсе да өлкөлөр арасында эки тараптуу байланыштарды, анын ичинде аскерий-техникалык кызматташууларды да жолго коюуну колдойбуз. Мурда биздин Куралдуу күчтөр аскердик окууларга катышчу эмес, бирок азыр жагдай өзгөрдү.

— Өзбекстан менен ага коңшу Афганистандын ортосундагы мамиледен да сөз кылсак. Бүгүнкү күндө кырдаал кандай?

— Ташкент Афганистанды терроризм кооптуулугун жараткан өлкө катары карабайт. Биз үчүн ал — калк жашаган, тынчтыкка умтулган ымалалаш мамлекет. Биз бардык тараптан саясий байланыштарды кеңейтип келебиз, бизде Термезде Афганистандын башкы консулдугу ачылган. Ошондой эле өлкөлөр ортосунда соода байланышы да бар, мисалы, биз ал жакка электр энергиясын беребиз.

Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев - Sputnik Кыргызстан
"Братва" менен бир жайга жайгаштырууну өтүндүм. Максат Чакиев менен ачык маек
Ташкент "Мазари-Шариф — Герат" темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу камында. Ал Афганистандын экономикасын калыптандырууда реалдуу салым кошууга мүмкүндүк берет, иш орундарын түзөт, өлкөнүн транзиттик дараметин жогорулатат. Бардык өлкөлөр, эл аралык уюмдардын баары расмий Кабул менен афгандардын өздөрү башында турган каршылаш тараптардын ортосунда сүйлөшүү процесстерин өбөлгөлөөгө тийиш.

Андан тышкары, Афганистанга Борбордук Азия өлкөлөрү колдоо көрсөтүшү кажет. Мисалы, мендеги маалыматка караганда, Кыргызстанда көптөгөн афгандык студенттер билим алышат, ошондой эле бул өлкөдөн бир нече түтүн да көчүп келген.

Өзбекстанда афган адистерин тарбиялоо борбору ачылган. Талап күч болгон адистиктер боюнча кадрларды даярдоо үчүн Афганистанда билим берүү тармагын колдоочу эл аралык фонд түзүү пландалууда. Анын иши аталган исламдык республиканын жарандарынын толук билим алуусуна багытталмакчы.

— Келиңиз, Өзбекстандагы турмуш туурасында сүйлөшөлү. Өзбек тилинен башка дагы кайсы тилдер өлкөдө көп колдонулат?

— Өзбек тили мамлекеттик тил, бирок бийлик бардык тилдердин өнүгүшүнө шарттарды түзүүдө. Мектептерде жети тилде — өзбек, кара калпак, казак, кыргыз, орус, тажик жана түркмөн тилинде билим берилет.

Телеберүүлөр да өзбек жана орус тилинде көрсөтүлөт, өлкөдө мыйзамдар да ушул эки тилде чыгат. Борбордук Азия элдеринин ар кыл тилдеринде гезит, журнал, теле жана радио көрсөтүүлөр бар.

Эгер дал кыргыз тили боюнча айтсак, Өзбекстанда 300 миңге чукул кыргыз тилдүү жаран жашайт, алар үчүн 58 мектеп бар. Анжиян мамлекеттик университетинде кыргыз филологиясы жана адабияты факультетинен билим алууга болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлчи: Мага Көчмөндөр оюндары абдан жагат, бул биздин салт-санаа, тарыхыбызды эске салчу гуманисттик иш-чара эмеспи. Спорттук мелдештер элди бириктирет, ал эми бул абдан чоң мааниге ээ.
Өзбекстандын элчиси: Боомго баргандагы учур эсимден кетпейт... - Sputnik Кыргызстан
Элчи: Мага Көчмөндөр оюндары абдан жагат, бул биздин салт-санаа, тарыхыбызды эске салчу гуманисттик иш-чара эмеспи. Спорттук мелдештер элди бириктирет, ал эми бул абдан чоң мааниге ээ.

— Сиз Кыргызстанда көп жашап калдыңыз. Кыргызстандыктар өзбекстандыктардан эмнеси менен айырмаланат? Кандай окшоштуктар бар?

— Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кыргыз-өзбек бир калк экендигин айтканы бар. Биз үрп-адаттарды бирдей карманабыз, меймандостукту, ачыктыкты баалайбыз. Бирөөгө жардам берүү үчүн колубуздагы акыркы оокатыбызды да карматууга даярбыз.

Бир учурду айтып берейин. Кытай, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген дипломаттар менен бир нече күнгө Боом капчыгайына барып калдык.

Кечки тамакты бизге бир эже даярдап берчү. Учурашып эле жардамдашайынбы деп сурадым. Чогуу салат туурадык, дасторкон жайдык, сүйлөштүк.

Карасам, баары бизге таңгалып турушат. Кайсы тилде сүйлөшкөнүбүздү сурашты. Өз тилибизде дедим. Алар мени дароо түшүнүшпөдү. Анан аларга кыргызстандыктар өзбекчени, биз кыргызчаны жакшы түшүнөрүбүздү айтууга туура келди. Буга алар аябай таңданышкан.

— Чет элдик бирөө сизден Кыргызстандан жакындарына эмне белек алууну сурады дейли. Жообуңуз кандай болмок?

— Бал алыш керек, эч жаңылбайсыз! Ошондой эле баштыкка чөптөн жасалган кыргыз бальзамын, кийизден жасалган буюмдарды салып койсоңуз болот. Анан да ар бир чет элдик жаранга Чыңгыз Айтматовдун мекенин бир көрүп, ошондой эле Буранага барып кетишине кеңеш бермекмин.

— Чыңгыз Айтматовдун ысымын көп оозандыңыз. Бул жазуучу Өзбекстан үчүн кандай орунда?

— Бул киши кыргыз калкы үчүн гана эмес, өзбек элинин да сыймыгы. Көптөгөн биздин жазуучулар ал кишинин жолун жолдоп, батасын алган.

Эмне үчүн Чыңгыз Төрөкуловичти Өзбекстанда мынчалык жакшы көрүшөрү боюнча дагы бир маанилүү окуя бар. Өзбек ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Шараф Рашидовдун өлүмүнөн кийин "Пахта кылмышы" же "Өзбек иши" деген кылмыш иши козголгон. Ошондо миңдей киши сотко чакырылган. Бул окуялар дароо улуттук өңүткө өткөн.

Автоунаанын алдында турган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди "сен" деп, менден жинин чыгарчу. Үлкөн аткаминердин шоопурунун маеги
Биздин элди көбү колдогон эмес, ал эми Чыңгыз Төрөкулович биздин ата-бабаларыбыздын тарыхы тууралуу чоң макала жарыялаган. Анда жазуучу өзбектердин цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилеген.

Ал 90-жылдагы улуттар аралык кагылышты да жөнгө салууга катышкан. Өзбек жазуучусу Адыл Якубов жана Пиримкул Кадыров менен бирге Айтматов башаламандык чыккан жерлерге барып, жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын бүт чыгармалары өзбекчеге которулуп, мектеп программасына киргизилиши тегин жерден эмес.

— Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна күбө болдуңузбу, дегеле бул долбоор боюнча оюңуз кандай?

— Ачылышына баргам, Өзбекстандан 70 спортчу катышкан. Биздин команда көк бөрүдө экинчи орунду алды.

Мага Көчмөндөр оюндары абдан жагат, бул биздин салт-санаа, тарыхыбызды эске салчу гуманисттик иш-чара эмеспи. Спорттук мелдештер элди бириктирет, ал эми бул абдан чоң мааниге ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0