Памирлик кыргыздарды көчүрүү боюнча кеп жүргөн эмес. Афган элчиси менен маек

© Sputnik / Максат ЭлебесовПосол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах
Посол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афган Исламдык Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбах бул кызматты эки жылдан бери аркалап келет. Sputnik Кыргызстанга берген маегинде ал афгандык кыргыздарды алып келүүнү өзү демилгелегенин жана аларды көргөндө кубанычтан көзүнө жаш алганын айтып берди.

Афганстандын дипломатиялык өкүлү менен Sputnik Кыргызстандын шеф редактору Эркин Алымбеков баарлашты.

— Кыргызча жакшы сүйлөйт экенсиз. Тилди кантип үйрөнүп алдыңыз?

— Чындап эле өзүм да, жубайым менен балдарым да кыргызча жакшы билебиз. Себеби 2002-жылдан 2005-жылга чейин элчиликте үчүнчү катчы болуп иштегем, ошондо элчилик жаңыдан ачылган кез эле. Достор жана коңшуларыбыздын арасында кыргыздар көп болчу, ошентип тилди окуй баштадык. Айтмакчы, алар менен азыркыга дейре жаңы кошуналарыбыздай эле жакшы мамиледебиз, бири-бирибиздикине конокко барабыз.

— Афганистанда кыргыз тилин билгениңиздин пайдасы тийдиби?

Памирский кыргыз Рахманкул хан - Sputnik Кыргызстан
Рахманкул хандын уулу Мусаддык: памирликтер Кыргызстанга башка ой менен келген
— Биздин өлкөдө 32 улут жашайт, алардын ичинде Чоң жана Кичи Памирди байырлаган кыргыздар да бар. Алгач ирет мен ал жакта 35 жыл мурун болгом. Анда таекем Бадахшан провинциясындагы сотту жетектечү, ошондо памирлик кыргыздарды кезиктиргем.

Кыргызстанда иштеп кеткенден кийин мени Тышкы иштер министрлигинде КМШ өлкөлөрү боюнча куратор кылып дайындашты. Ал эми биздин президент Мохаммад Ашраф Гани этникалык кыргыздарга паспорт берүү жана көмөктөшүү боюнча комиссияны уюштурду. Ошол комиссияга мүчө болгом. Памирликтер менен жолукканыбызда кыргызча сөз баштасам, алар абдан таңданышкан…

Мен пуштун, өзбек, тажик, түркмөн, татар, казак, чараймак тилдеринде да сүйлөйм. Орус тилин түшүнүп, оюмду жеткире алам. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАфганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбах: дипломат пуштун, өзбек, тажик, түркмөн, татар, казак, кыргыз, аймах, орус тилдеринде сүйлөйт.
Посол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах - Sputnik Кыргызстан
Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбах: дипломат пуштун, өзбек, тажик, түркмөн, татар, казак, кыргыз, аймах, орус тилдеринде сүйлөйт.

— Былтыр Кыргызстанга памирлик кыргыздардан бир нече үй-бүлө келген. Бул аларды тарыхый мекенине кайтаруу программасынын бөлүгүбү?

— Жок, көчүрүү тууралуу кеп болгон эмес. Дегеле андай программа жок, Кыргызстан бийлиги жыл сайын Афганистан калкына, айрыкча, памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жиберип турган башка бир программа бар. Бирок бул көмөк 20 тонна тегерегиндеги азык-түлүк үч айдан кийин түгөнөт. Андыктан, сиздердин президентке ишеним грамотасын тапшырып жатканымда: "Көмөк жөнөтүүнүн ордуна ар жылы этникалык кыргыздардын арасынан эки бала тандалып, алардын Кыргызстанда билим алуу жагы каралса кандай болот? Алар университетти аяктаганда Афганистанга кайтып, туугандарынын жашоосун өзгөртө алышмак" деген сунушумду айттым.

Памир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандуу тиреш. Памирди бөлүү. Афганистандын эгемендүүлүгү
Ал эми өткөн жылы КР бийлиги Нарынга Афганистандан бир нече үй-бүлө алып келүүнү чечкен. Алар бул жакта жашап көрүп, ар кыл кесипти өздөштүрүп алышсын дешкен. Алардан кабар алуу үчүн барып, кандай шартта жашап, окуп жатканын көрүп келдим. Сүйүнүчтөн көзүмө жаш алдым… Элестетиңиздер, афгандык кыргыздар Кыргызстанга келип билим алышат, бул өтө маанилүү да. Себеби, алар мектепке жана ооруканага жете албай, акча эмне экендигин да билишпейт! Бул тууралуу айтуу мен үчүн кыйын, бирок айтпай да кое албайм. Афганистанда кырк жылдан бери согуш уланып келет, анын кесепетинен мамлекет памирлик кыргыздарга жардамдаша албай калды…

— Демек, Кыргызстанга элди жайгаштыруу, аларга жарандык жана турак жай берүү пландалган эмес беле?

— Жок. Адегенде алар мектепти аяктап, андан соң кайсы бир жогорку окуу жайды бүтүргөн соң, жарандыгын алган Афганистанга кайтууга тийиш. Бирок, албетте, эгер алар мында калууну каалашса, биз каршы чыкпайбыз, себеби, баары эркин адамдар. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовЭлчи: сиздердин президентке ишеним грамотасын тапшырып жатып: "Көмөк жөнөтүүнүн ордуна ар жылы этникалык кыргыздардын арасынан эки бала тандалып, алардын Кыргызстанда билим алуу жагы каралса кандай болот? Алар университетти аяктаганда Афганистанга кайтып, туугандарынын жашоосун өзгөртө алышмак" дегем сунушумду айттым.
Посол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах - Sputnik Кыргызстан
Элчи: сиздердин президентке ишеним грамотасын тапшырып жатып: "Көмөк жөнөтүүнүн ордуна ар жылы этникалык кыргыздардын арасынан эки бала тандалып, алардын Кыргызстанда билим алуу жагы каралса кандай болот? Алар университетти аяктаганда Афганистанга кайтып, туугандарынын жашоосун өзгөртө алышмак" дегем сунушумду айттым.

— Памирликтердин Кыргызстанда билим алуу жана жашоо чыгымдарын ким төлөйт?

— Алар адеп келгендеринде кыргыз тарап болжол менен 70 миң сом бөлгөн. Алтургай, аларга турак жай тартуулашты, ал эми жергиликтүү тургундар жаңы коңшуларына болушунча жардам берип турушат. Памирликтер өздөрү да мында аларга туугандарындай мамиле жасашканын айтышкан мага.

— Кыргызстанга 5-6 жыл мурун Кабулдан меймандар келип, көчөлөрүбүздүн абалына аябай таңданышкан. "Согуш жок, анда деги эмне болду?" дешкен. Сиздин көз карашта бүгүн абал кандай? Жолдор жакшырдыбы?

— Жакында эле Ысык-Көл жана Нарында болуп кайттым. Ал жакка багыт алып баратып, кан жолду айнекке салыштырдым, тептегиз экен. Афганистанда да албетте, жакшы жолдор бар, бирок, тилекке каршы, абдан аз. Талибдер бомба жардырат, ошону менен жол бузулат.

— Талибдер менен эмнеге согуш башталганын айтып бере аласызбы? Азыр алардын самаганы эмне? Дегеле алар менен тил табышуу мүмкүнбү?

Нарындагы Памир кыргыздары эмнеге нааразы? Видеорепортаж - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы Памир кыргыздары эмнеге нааразы? Видеорепортаж
— Согуш мен 20га чыкканда башталган. Билесиздерби, ондогон жылдар бою куралдуу араздашуу аяктабаган өлкөдө жашоо абдан татаал. Талибдер бийликти басып алууга өжөрлүк менен тырышып келишет. Бүгүн андайды "Ислам мамлекети" эңсеп турат. Аларды Афганистандагы туруктуулук кызыктырбайт, мамлекет гүлдөп, балдар менен жаштардын билим алышы аларга зарыл эмес. Алар тынч жарандарды өлтүрүп, мечиттерди жардырышат…

Бирок кандай гана согуш болбосун, эртеби же кечпи аяктайт. Ким, кайсы мамлекет ортого түшөрү маанилүү эмес. Эл үчүн каршылаштар менен акыры сүйлөшүүгө барганыбыз — башкы маселе. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовМохаммад Исса Месбах: памирликтер адегенде мектепти аяктап, андан кийин кайсы бир жогорку окуу жайды бүтүргөн соң жарандыгын алган Афганистанга кайтууга тийиш
Посол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах - Sputnik Кыргызстан
Мохаммад Исса Месбах: памирликтер адегенде мектепти аяктап, андан кийин кайсы бир жогорку окуу жайды бүтүргөн соң жарандыгын алган Афганистанга кайтууга тийиш

— Бир ирет Кыргызстанда соңку убакта жума намазга жаштардын көп чогулуп жатканын айтканыңыз бар. Сиздин оюңузча, бул жакшы көрүнүшпү?

— Эгер алар анык динди тутушса, албетте, жакшы. Ал эми радикалдар сымал ой жүгүртүшсө, анда анын чыныгы динге эч кандай тиешеси жок. Анык мусулман бомба жардырып, айыпсыз адамдарды өлтүрбөйт.

— Динге сыйынгандардын радикалдашуусуна жол бербөө үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

— Афганистанда бардык мечиттер баш ийген министрлик бар. Имамдар ар жолку жума намазга план алып, эмне айтууга тийиштигин билишет. Алар айрым адамдар аларды киши өлтүрүү жана башка кылмыштарга үндөшөрүн, бул терроризм экендигин жарандарга эскертишет.

— Азыркы тапта карапайым афгандыктар эмне менен алектенишет? Көптөгөн жакыр жарандар байлардан жер ижарага алып иштетишери, алар ал жерлерде маңзат камтыган өсүмдүктөрдү айдоого мажбурлашары чынбы?

— Маңзатка талибдер менен кызматташкандар байланышкан. Өлкөдө 34 провинция бар, алар 380 районго бөлүнгөн, болжол менен 12 район "Талибандын" көзөмөлүндө. Ал жакта жашагандар маңзат өстүрүшөт, ал эми өлкөнүн башка бөлүктөрүнүн көп тургундары бул туурасында теледен гана эшитет.

Тилекке каршы, бизде талибдер менен тымызын кызматташкан аткаминерлер бар. Сиз айткан жер мамлекеттен тартып алынган. Качандыр бир кезде Афганистанда мамлекеттик жерлер көп эле, бирок бир жолу куралчан адамдар келип, ошол жерлер аларга таандык экендигин жар салышкан. Тилекке каршы, мамлекет ар качан андайларды жазалай албайт, себеби кайра жаңы жаңжал тутанышы ыктымал, андайда бейкүнөө жарандар окко учат. 

© Фото / пресс-служба МИД КРЭлчи: ондогон жылдар бою куралдуу араздашуу аяктабаган өлкөдө жашоо абдан татаал
Посол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах - Sputnik Кыргызстан
Элчи: ондогон жылдар бою куралдуу араздашуу аяктабаган өлкөдө жашоо абдан татаал

— Келиңиз, жай соболдорго өтөлү. Афганистанда үйлөнүү оңойго турбасын укканым бар, калыңдын көлөмү 10 миң долларды түзөт экен. Ушундайбы?

Члены движения Талибан, Афганистан. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
"Талибан" Москвадагы жыйынга келерин айтты
— (Күлүп) Билесизби, эки өлкөнүн калкынын орток жактары арбын. Ооба, афган эркектери да калың беришет. Ошол эле Кичи Памирде жигит үйлөнүү үчүн кыздын атасына 200 кой айдап барат. Ал эми анын койдон башка оокаты болбосо, үй-бүлөсүн кантип багат? Пуштундарда чындап эле 10-15 миң долларга чейин жетет, бирок мындай нерсе айылдарда гана кездешет. Калааларда андай жок. Менин улуу уулум өткөндө эле үйлөндү, эч кандай калың берген жокпуз. Үлпөт той өткөрүп, тууган жана досторду чакырдык.

— Дипломатиялык карьераңызды кандай түптөгөнүңүздөн кеп сала аласызбы?

— Советтер Союзунун убагында Тажикстанда университетти аяктагам. Кийин дароо Афганистандын ТИМине ишке кирдим. 1978-жыл эле. Көп өтпөй согуш башталды, мен кичи мекениме — түндүк провинцияга кеттим. 2000-жылы талибдердин режими кулап, Афганстан Исламдык Республикасы деп жарыяланып, Улуттук жыйын түптөлдү. Өз провинциямдан ага мен депутат болдум. Тышкы иштер министри менен кезигип калдым, ал мени жумушка чакырды. Консулдукта бир нече ай иштегенимден кийин мени Украинага, ал жактан Кыргызстанга жөнөтүштү. 

© Фото / пресс-служба МИД КРМохаммад Исса Месбах: биздин улуттук тамактар көп жагынан окшош, ошондуктан, жергиликтүү ашкана биздин көңүлүбүзгө төп
Посол Афганистана в КР Мохаммад Исса Месбах  - Sputnik Кыргызстан
Мохаммад Исса Месбах: биздин улуттук тамактар көп жагынан окшош, ошондуктан, жергиликтүү ашкана биздин көңүлүбүзгө төп

— Бул жакка келишиңизди үй-бүлөңүз кандай кабыл алды? Баса, кыргыз ашканасы жагар-жакпасын сурабай кое албайм…

— Кыргызстанга кайра барарыбызды укканда үй-бүлөм абдан кубанды. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, бул жакта досторубуз көп. Ал эми биздин улуттук тамактар көп жагынан окшош, ошондуктан, жергиликтүү ашкана биздин көңүлүбүзгө төп.

— Афганистан калкына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылылыгы дайынбы?

— Айтматовдун чыгармаларын көпчүлүк билет, аны абдан сыйлашат. Студент кезимде "Жамиля" повестин окуганым бар, аябай жактыргам.

Жаңылыктар түрмөгү
0