БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Борбор калаада 21 жаштагы жигитти унаа коюп, каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Кырсык 24-февралда саат 23.00дөр чамасында Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүндө катталган. Жабыркаган жаран Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болгон.
"27 жаштагы Н.Д. аттуу жаран кармалды. Алдын ала маалымат боюнча ал Volkswagen Golf автоунаасын батышты көздөй айдап бара жатып кишини коюп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Милиция тергөө иштерин баштады.