БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тогуз жөө күлүгү Иранда өтө турган жеңил атлетика боюнча Борбор Азиянын чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, чемпионат 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өтөт.
Мелдешке бара турган кыргызстандык жөө күлүктөрдүн тизмеси:
- Анна Буланова, 25 жашта;
- Гүлшанай Сатарова, 27 жашта;
- Эркинбек Шеров, 23 жашта;
- Кирилл Сарасов, 21 жашта;
- Шахзат Садыкжан уулу, 22 жашта;
- Михаил Солошенко, 19 жашта;
- Баястан Максатбек уулу, 23 жашта;
- Айбек Сыргакбеков, машыктыруучу.
Улуттук курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Ага дирекциянын бюджетинен 434 миң сом каралган.