АЛМАТЫ, 1-фев. — Sputnik. Бүгүн, 1-февралда, Алматы шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Андан сырткары, "Глобализация доорундагы санариптик күн тартиби 2.0" аттуу форум болот.
Иш-чараларга Кыргызстандын атынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.
Алгач форум өтөт, ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында уюштурулган. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат. Ошондой эле ЕЭК коллегиясынын төрагасы, эл аралык IT-компанияларынын жетекчилери, технология индустриясынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, бизнес өкүлдөрү жана маалымат технологиясы жаатындагы эл аралык эксперттер катышат.
Форумдан соң өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдө жана кеңири форматтагы жыйыны пландалган. Анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.