Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан экотехинспекциянын жергиликтүү жетекчиси каза болду

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүМассововая авария на автодороге между Пушкиным и Шушарами под Санкт-Петербургом
Массововая авария на автодороге между Пушкиным и Шушарами под Санкт-Петербургом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын алдын ала берген маалыматы боюнча айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 44 жаштагы киши каза болгонун ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жол кырсыгы 20-январда Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 27-чакырымында Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда саат 20:15те болгон.

"Алдын ала маалымат боюнча Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, ала салып кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерде каза болгон", — деп милициядан маалымдашты.

Ал эми Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын маалымат кызматы каза болгон жаран мекеменин Каракол шаары жана Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Абдрахманов экенин тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0