Жаңы жетекчи үй-бүлөнү коргоо, билим берүү тууралуу сүйлөп жатканда элдин көңүлүн анын эки жашар баласы буруп алды.
Алгач аны атасы колуна алган, бирок көп өтпөй эле наристенин түшүр дей баштаганын байкоого болот. Андан соң бала сахнада ары-бери басып, алып кетүүгө аракет кылган агасы менен апасына жолобой койгон.
Когда твой папа — новый губернатор Калифорнии и нужно срочно помочь ему выступить. pic.twitter.com/xeRG3r3mGk
— bbcrussian (@bbcrussian) 9 января 2019 г.
Баланын кылыгы залда отургандардын күлкүсүн келтирди. Акыры апасы аны колунан тартып көтөрүп кеткенде эл кол чаап узаткан.
Гэвин Ньюсом 2018-жылдын 6-ноябрында болгон шайлоодо жеңип алган. Кызматына расмий түрдө 7-январда киришти.