БИШКЕК, 27-дек — Sputnik. Кыргызстанда соттук реформаларды ишке ашырууга эскиче ой жүгүртүүлөр тоскоол болуп жатат. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, ушул жылдын май айында "КРдин Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу эксперттик топ түзүлгөн.
"Аталган топ беш ай ичинде 70 ирет жыйын өткөрдү. Анда реформанын ар тарабы боюнча маселелер козголду. Бирок дагы деле эскиче ой жүгүртүүлөр ишке толкоол болуп жатат", — деди президент.
Эске салсак, буга чейин президент сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу караларын айткан.
2018-жылдын май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.