БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жалпы курамы 2018-жылдын 30-ноябрынан 7-декабрына чейин өлкөнүн район-облустарын кыдырат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сапар Оштон башталган. Аларды өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кабыл алып, мындай жолугушуулар кеңештин иш планына ылайык жүргүзүлүп жатканына токтолду.
"Коомчулук арасында айтылган динге байланыштуу бардык көйгөйлөр 12-декабрь күнү Аалымдар кеңешинин жалпы жыйынында каралат. Талуу суроолорду жер-жерлерде эл менен жолугушуп чогултабыз", — деди кеңештин мүчөсү Кабылбек ажы Акматов.
Мындан тышкары, облустун аймагынын чоңдугун эске алып, дин аалымдары менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусун квартал сайын өткөрүп туруу сунушталды.
Кеңештин мүчөлөрүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев да кабыл алган.