БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Японияда жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн курама командасы 20-ноябрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 16:20да Айти префектурасындагы "Toyota" стадионунда башталат.
Ал эми ата мекендик футболчулар ал жакта машыгууларын 19-ноябрда өткөрөт.