"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында эки баласын Кыргызстандагы өз энесине калтырып коюп, чет өлкөдө иштеп жүргөн мигрант келиндин тагдыры баяндалат.
Бактысыз балалыгым
Төрт бир тууганбыз, мен үйдүн улуусумун. Арак менен алышканы аз келгенсип, апам жакыр жашоонун да азабын тартты. Эл катары эки коюбуз да жок болчу. Айла кеткенде мектепте пол жууп иштеди. Кол-арага жарап калгандан кийин эле апама жардамдашып, пол жууп, ар кимдин жумушун жасап жүрдүк. Жогорку окуу жайды кыялданган да жокмун. Анткени апама жардам беришим керек болчу. Шаарда да мен иштебеген кара жумуш калган жок.
Бакыт жылмайды, бирок көпкө созулган жок
Ошентип тытынып иштеп жүргөн кезде айылдаш бир бала мени көптөн бери жакшы көрөөрүн айтып, колумду сурады. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп, ата-энесинин "ал аракечтин кызы" дегенине болбой үйлөнүп алды. Мен да каршы болгон жокмун. Ата мээримин көрбөгөнгөбү, айтор күйөөмдү жакшы көрчүмүн. Аны менен кыз-жигит болуп жетелешип жүргөн учурда, ага турмушка чыгып, балалуу болгон кезде менден өткөн бактылуу киши жоктой сезилген. Бирок ал жыргалым көпкө созулган жок. Кайын-журтум барган сайын мени "эптеп жашаган жердин кызы" деп теңине албай, ал аз келгенсип апамды кудагый катары кабыл албай коюшту. Экинчи кызымды төрөгөндөн кийин кайнене, кайнежелеримдин сөзүнө чыдабай кетип калдым. Күйөөм болсо, "апасынын тилин албай аялын ээрчип кетиптир" деген айылдаштардын кебинен намыстанып унчукпай тим болду. Артыбыздан келген жок.
Мигрантмын
Кыргызстанга кетип калсамбы дейм, барганда кайсы кыйраткан жумушта иштемек элем деп токтоп калам. Бирок бул жакта да калгым келбейт. Толук кандуу үй-бүлөгө зар болуп балдарым, апам, көзүмөн учат…
Кадиян Бообекова. Психолог
Азыр ар бир экинчи үй-бүлөдө миграцияга байланышкан маселе бар. Бул келинге окшоп балдарын чоң ата, чоң апасына, таята-таенесине таштап чет жакта иштеп жүргөн ата-энелер, жалгыз бой кыз-келиндер толтура. Алар деле балдарын эч нерседен кем кылбай багайын деп иштеп жүрөт. Бирок балага убагында мээрим, тарбия бериш керек, балдар да ата-энеси жанында болуусун каалайт. Ата-эненин мээримисиз чоңойгон бала мерез болуп калышы мүмкүн.
Ошондуктан бул келинге айтаарым, Кыргызстанга эле келип кыздарынын жанында болсун. Эгер бул жактан жумуш табылбай жатса, апасы менен кыздарын жанына алып алсын. Балдарынын келечегин ойлогону жакшы, бирок маселе бала багуу же келечектин гарантиясында эмес, маселе татыктуу тарбия берүүдө. Кыз кишиге эненин тарбиясы сөзсүз керек. Акча чогултуп үй салам деп жүрүп, балдарынын кантип чоңойгонун көрбөй калат.