"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында 1,5 жаштагы жана 5 айлык эмчектеги баласы менен бара турган жери жок көчөдө калган 28 жаштагы келиндин оор тагдыры баяндалат.
Жашообуз башында жакшы болчу
Кедейдин кызы экеним кайын журтумдун мамилесин өзгөрттү
Баары Кыргызстанга, күйөөмдүн үйүнө келгенде башталды. Алгач кайын журтум мени жакшы кабыл алган. Той өткөрөбүз деп чечишкендиктен, анын түйшүгү менен жүрдүк. Жада калса ата-энем менен мага бериле турган калың да сүйлөшүлгөн. Кайын журтумун ою ата-энеме жолугуу үчүн биздин үйгө баргандан кийин түп-тамыры менен өзгөрдү. Чындыгына биздин турмушубуз жакшы эмес, жакыр жашоодо жашайбыз. Менин андай үй-бүлөдөн экенимди билген соң жолдошум тараптын мага болгон мамилеси өзгөрө баштады. Болбогон шылтоолорду айтышып, ар бир кылган ишиме кийлигишип мага сөз тийгизе башташты. Кошуналарга ар дайым болбогон кептерди айтып мени жамандашчу. Колунан эч нерсе келбейт, жада калса тамак жасай албайт деп айтышыптыр. Эң өкүнүчтүүсү, мени жеңил ойлуу деп, Москвада жүргөндө жолдошумдун башын айлантып, алдап тийип алган, бала да башка бирөөдөн болсо керек дешкен экен, Күйөөмө айтсам "Үйдөгүлөргө жакпасаң эмне кылам. Көңүл бурбай эле кой" деп жарытылуу эч нерсе айткан жок. Менин ал кезде боюмда бар эле. Бирок бул кайын журтумду токтоткон жок. Ошентип экинчи жолу үй-бүлөбүз толукталып, кыздуу болдум. Уулум Москвада төрөлгөндүктөн керектүү документтерди ала алган эмеспиз. Кыздуу болгондо жолдошума балдарга документ алып берели деп айтсам макул болбой койду. Көрсө ата-энеси кийин ажырашып кетсе алимент төлөп калбайлы деп ушундай жолго барышкан экен. Бир күнү күйөөм тоодо жүргөн кезинде ата-энеси мени эки балам менен үйдөн кууп чыкты. Баламды жетелеп, кызымды көтөргөн бойдон бараар жерим жок көчөдө калдым.
Эмне кылаарымды билбей башым маң
Кайын журтум балдардан биротоло баш тарт дешүүдө
Жакында эле кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова Өзгөндөгү социалдык кызматкерлер менен сүйлөшүп мени кайрадан кайын журтума алып барышты. Бирок алар менин аянычтуу абалымды көрүшсө дагы мени кабыл алуудан баш тартышты. Негизи балдарымдын келечегин көп ойлонгондуктан, кайын журтум кабыл алса, жолдошум менен кайрадан чогуу жашоого макулмун. Перзенттеримдин келечеги үчүн алардын жаман сөз, мамилесине даяр болчумун. Бирок күйөөмдүн ата-энеси "балдарды бага албасаң бизге бер, өзүңдүн керегиң жок" дешти. Макул болоюн десем алардан биротоло баш тарт, тийиштүү документтерге кол кой деп айтышты. Муну укканда өзүм менен кошо балдарымды да өлтүрсөмбү деген ой кетти. Кантип өз канымдан жаралган балдарымды таштап эркин жашай алам? Андан көрө өлгөнүм жакшы го. Алар өз апасы жок кантип чоңоюшат? Кайын журтумдун балдарымдан ажыратуусуна макул эмесмин. Мага каршы чыккандыктан кайрадан кризистик борборго келүүгө аргасыз болдум.
Психолог Асель Сүйүнбаеванын жообу:
Бул келиндин оор абалы азыркы коомубуздун чоң көйгөйүн ачык көргөзүп турат. Коомдо үй-бүлөдөгү мээримдүү тарбиянын жоктугунан, аялзатына болгон кайдыгер мамиледен, жаштардын бүлө курганга туура эмес мамилесинен ушундай көйгөйлөр көп. Акчанын артынан түшүп адамдык баалуулуктарды унутканбыз.
Аялзаты негизи психикалык жактан күчтүү келет. Эң оор, кыйын кырдаалда калса дагы жеңүүчү болуп чыга келгенге мүмкүнчүлүгү бар.
Эгерде такыр эле колунан эч нерсе келбей кыйналып жатса, анда балдарды атасына бериш керек. Ооба, түшүнүктүү, бул абдан оор чечим. Балдарга эне мээримин эч ким бере албайт, бирок сиз бутуңузга туруп, окуп, өзүңүзгө келгенче, балким, баары өзгөрүп балдарды кайра алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болуп калаар.
Балдар үчүн жолдошум менен жашайм деген туура эмес ой. Биринчиден, балдарыңыз аны баалабайт, экинчиден бала мээримдүү ата-эне менен жашаш керек. Бири-бирине араң чыдап, бактысыз жашаган ата-эненин балдары так өздөрүндөй болуп бактысыз болуп калат. Андан көрө жалгыз болсоңор да балдарга мээримдүү эне болгонуңуз жакшы.