БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Форсаж" тасмасында Летти деп таанылган америкалык актриса Мишель Родригес кыргызстандык комузчулар Эламан Каныбеков менен Чолпон Мелисбековадан тасманын онунчу бөлүгүнө саундтрек жазып берүүнү суранган.
Мындай билдирүү социалдык тармакта тарады. Бүгүнкү күндө "Форсаж" тасмасынын сегизинчи гана бөлүгү чыкты.
Сүрөттө комузчулар Эламан Каныбеков, Чолпон Мелисбекова жана алардын таанышын көрүүгө болот. Алар Мишель Родригес менен Берлинде сүрөткө түшкөн.
Мелисбекова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Facebook социалдык тармагына ал билдирүү тамаша катары гана жазылганын билдирди.
Ушул эле комузчулар былтыр Sputnik Кыргызстан агенттигинин радиостудиясына келип Linkin Park тобунун Numb чыгармасын комузда ойноп беришкен.