Бир жумага карата аба ырайы. Апта аягында күн сууктайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган шаар тургундары. Архив
Аялдамада турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь айынын биринчи жумасында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун жарыялады. Анда 1-7-октябрда аба ырайын кескин өзгөрбөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал.

1-октябрда түндө Чүй менен Талас облусунда 5…13 градус жылуу, күндүз 20…27 градуска чейин ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 9…14 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 24…29 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында түндө 1…9 градус жылуу болуп, күндүз 16…22 градуска чейин жогорулайт.

Страны мира. Вьетнам - Sputnik Кыргызстан
Кинодогудай! Индонезиядагы адам өмүрүн алган цунами элдин эсин чыгарды
2-3-октябрда өлкө аймагындагы олуттуу өзгөрүү болбойт, аба ырайы бир калыпта сакталат.

4-5-октябрда Чүй менен Таласта түнкүсүн 4…12 градус жылуу болуп, күндүз 22…29 градуска чейин ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 10…15 градус жылуу болсо, күндүз 25…30 градуска дейре ысык болот. Ысык-Көл менен Таласта түндө 2…9 градус жылуу болуп, күндүз 17…23 градуска чейин жылуу болот.

Ал эми 6-октябрда жаан-чачын күтулбөйт. 7-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүп, абанын температурасы төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0