БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Facebook фейктер менен күрөшүүнүн алкагында колдонуучуларынын жүктөгөн сүрөт, видеолорун текшерүүгө алат. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазды.
Компаниянын кызматкерлери колдонуучулардын өздүк баракчаларын "тинтүүгө алып", жарыяланган фактылардын чын-төгүнүн аныктамакчы. Шек жараткан сүрөт, видеолор менен Facebook тармагынын маалыматтарын текшерүү боюнча 27 компания иш алып бара турганы айтылат.
Күмөндүү билдирүүлөрдүн баары каттоого алынат.