БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкекте пластикалык хирургия боюнча эл аралык конгресс өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара борбор калаада 10-11-сентябрь күндөрү уюштурулат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Япония, Индонезия, Түштүк Кореядан чогулган илимпоздор катышат.
"Хирургдар медицинанын пластикалык хирургия багыты боюнча доклад окуп, талкууларды өткөрөт", — деп уюштуруучулар маалымдашты.
Конгресс Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин 25 жылдыгына карата өтөт.