Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине кайсы дүйнөлүк жылдыздар келери айтылды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүПервая Российская национальная музыкальная премия
Первая Российская национальная музыкальная премия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабылыш аземи 8-сентябрда саат 20:00дө Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын жабылыш аземине алыскы жана жакынкы чет мамлекеттен ырчылар келет. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. 

Чет элдиктер көчмөндөр оюндары жөнүндө кандай ойдо? Видео - Sputnik Кыргызстан
Чет элдиктер Көчмөндөр оюндары жөнүндө кандай ойдо? Видео
Ага ылайык, жабылыш аземине Германиянын Чыңгыз хан тобу, франциялык ырчы Мурад Бурауи, Эквадордон Лео Рохас, россиялык "Корни" тобу, Румыниядан "Аксент" тобу, өзбекстандык ырчы Озода Нурзаидова, Казакстандан Жанар Дугалова жана Кыргызстандан Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков баштаган бир катар ырчылар катышат.

Салтанаттын билеттери Кыргыз почтасы ишканасынын Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы бөлүмдөрүндө сатылып жатат. Билеттин баасы 350 сомдон 3800 сомго чейин сатылып жатат.

Эске салсак, жабылыш аземи 8-сентябрда саат 20:00дө Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары 2-сентябрда башталып, ага 70 мамлекеттен 1918 спортчу келип, спорттун 37 түрү боюнча күч сынашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0