Бишкекте эртең менен беш унаа сүзүштү. Кырсыктан кийинки видео

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия ДТП. Архивное фото
Последствия ДТП. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсык шейшемби күнү эртең менен Байтик баатыр көчөсүндө темир жол өткөн көпүрөнүн алдында болду.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкектеги Байтик баатыр көчөсүндө беш унаа сүзүшкөнүн Facebook тармагынын колдонуучусу өзүнүн баракчасына жазып, кырсыктан кийинки видеону жүктөдү. 

Бишкек милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык саат 8.40тар чамасында болгонун тастыкташты.

Анда Honda Odyssey, Volkswagen, Toyota Wish, Toyota 4Runner жана Nissan унаалары бир аздан талкаланган. Бактыга жараша, айдоочулар менен жүргүнчүлөр жаракат алган эмес.

Чогулган материалдар тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0