БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Талас дарыясына 40 жаштагы аял агып каза болгонун ӨКМ билдирди.
Кырсык тууралуу маалымат 22-август күнү түшкөн. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, саат 13.10до келиндин сөөгү табылган.
ӨКМ куткаруучулары аны ИИМ кызматкерлерине өткөрүп бергени айтылды.