БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бүгүн түндө Ысык-Көлдүн Тоң районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жер түнкү саат 3.36да силкинген.
Жер титирөө Тоңдун Ак-Сай, Кызыл-Туу, Тогуз-Булак айылдарында сезилген.
ӨКМдин такталган маалыматы боюнча силкинүүдөн эч ким жабыркаган эмес.