Аталган видео Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебинин YouTube каналына жайгаштырылган.
Андагы маалыматка ылайык, 15230 адам жубу менен төрт катарга тизилип, узундугу 5 чакырымга жеткен. Алар Филиппиндин Кидапаван шаарындагы унаа жолго чыгып өнөрүн тартуулашкан. Бийчилер дүйнөлүк рекорд коюу үчүн төрт ай бою тынымсыз даярданганы айтылат.