БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Сокулук районунда Романовка айылындагы көлмөгө 18 жаштагы улан чөгүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя кечээ, 24-июлда болгон. Куткаруучулар тартылып, таба албай коюшкан.
"Маркумдун сөөгүн кечки саат 22:00гө чукул жергиликтүү тургундар тапкан", — деп билдирди ӨКМден.
Жайдын бул күндөрү сууга чөгүп каза тапкан фактылар арбын болууда. Кыргызстанда 22-июль күнү эле алты адам сууга чөккөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкен.