00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эне жүрөгү тилингенде...

© Фото / Геннайдий ЗакировЖаратылыш. Архив
Жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Тирүүлүктүн күнү улана берет турбайбы...

Эне үчүн баласын жоготуудан өткөн азап жок болсо керек. Кесиптешибиз Исмаил Мамытов менен Улан Эгизбаевдин энелеринин учурдагы абалын элестетким дагы келбей жатат. Жаш жигиттер каза болду деп укканда эле дароо көз алдыма таежеңем келчү болду. Ал киши бир күндө кычыраган үч — 23, 28, 30 жаштагы балдарынан ажырап кан жутуп отуруп калган. Ошондогу анын кудайга жеткен үнү күнү бүгүнкүдөй көз алдымда… Азыр ал жеңебиз араң басат, "балдарым келип калат го" деп эшикти эле карап отуруп калган. Айыл эли аларга "көз тийди" деп көп айтышты. Чындыгында зымга тизгендей жүрүшчү, бирок кырсык, ажал деген айттырбай келет экен. Исма менен Улан Эгизбаевге да "көз тийип кетти го" деген кептер айтылды. Балким, экөө тең жанталашып 30га чыга элек жатып, айрымдар 80-90 жашка барып деле жасабаган иштерди жасап коюшуптур… Көрсө, ата-эне үчүн баласынын байлыгы, наамы, бийлиги эмес өзүнүн амандыгы эле керек турбайбы. Кечээ апам менен сүйлөшсөм "жакшы турасыңарбы, иш деп тытынбагылачы, аман жүрсөңөр эле болду" дейт. Эне жүрөгү…

Кечээ мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун энеси президентке кайрылуу жасады. Анын да жүрөгү тилинип жатса керек.

Кечээ, кызды куткарам деген экс-вице-премьердин мурдагы жардамчысы дагы көлгө чөгүп кетиптир.

Кырсыкты жазгым да келбей калды. Жол кырсыктары болсо күнүгө катталчу болду го.

Жашообуз коопсуз деп азыр эч ким өзүнө-өзү кепилдик бере албай калды. Болгону "сактансаң, сактайм" деп гана жүрөбүз. Милиция бөлүмүнөн өлтүрүп кетип жаткандан кийин бийликке, күч түзүмүнө деле ишенүү кыйын болуп калды. Бурулайдын иши болсо сотко өтө элек. Өкмөт башчы ИИМ министрине чыркырап чындык издеген атага жолук деп тапшырма берди эле. Кечээ маалымат жыйында министр "жолугушуу болгон" дептир, бирок кыздын атасы эч ким менен жолукпаганын айтты. Ошондо ИИМ министри калп айттыбы же… булар минтип аткандан кийин карапайым эл кимден акыйкаттык издейт. Айтор, айта берсе сөз түгөнбөйт.

Жаман жаңылыктардан тажап бүтсөңүз керек. Белгилүү Мариинск театрынын солисти, премьер-балет кыргызстандык 27 жаштагы Канат Надырбек уулу менен болгон кызыктуу маек менен бурадарды жыйынтыктайбыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.02 (сатып алуу) жана 68.24 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.60 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.90 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жашоо бир келет!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0