Премьер балет Надырбек уулу: ата-энемди орус келини менен тааныштырдым

© SputnikКыргызстандык 27 жаштагы Канат Надырбек уулу белгилүү Мариинск театрынын солисти, премьер-балет
Кыргызстандык  27 жаштагы Канат Надырбек уулу белгилүү Мариинск театрынын солисти, премьер-балет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык 27 жаштагы Канат Надырбек уулу белгилүү Мариинск театрынын солисти, премьер-балет (бийчилердеги жогорку наам). Эң ириде "Баядеркада" Солордун, "Жизелде" Граф Альберттин, "Корсарда" Конраддын, "Ак куу көлүндө" Зигфрид ханзаданын, "Уйкудагы сулууда" Дезире ханзаданын ролун аткарган. Өзү Россиянын Владивосток шаарында жашап, иштейт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги бийчи менен маек курду.

— Балетке аралашып калышыңызга агаңыз, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев таасир эткенби?

— Чолпонбек Базарбаев атамдын таякеси болот. Тогуз жашымда Балыкчыдан борборго көчүп келдик. Ошол убакта Чолпонбек байке денемдин ийкемдүүлүгүн, сөөгүмдүн түзүлүшүн, түздүгүн жана угуу жөндөмдүүлүгүмдү текшерип көрдү. Купулуна толсом керек, Бишкектеги хореографиялык окуу жайга тапшырттырды.

© SputnikКыргызстандык 27 жаштагы Канат Надырбек уулу белгилүү Мариинск театрынын солисти, премьер-балет
Солист Мариинского театра, премьер-балет Канат Надырбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык 27 жаштагы Канат Надырбек уулу белгилүү Мариинск театрынын солисти, премьер-балет

— Бийчилер үчүн дененин ийкемдүүлүгү эле керек деп жүрчүмүн, көрсө угуу чеберчилиги да керек турбайбы?

— Албетте, жадагалса шыбырт эткен музыкага жараша кыймыл болушу керек. Экөөнүн бирин жаза басты дегичекти, күлкүлүү көрүнүп каласың.

— Жеке өзүңүздө балет бийчиси болом деген кыял бар беле?

— Балетке тапшырып жатканда ал эмне экендигин билчү эмесмин. Кийинчерээк кызыгуум артты, бирок өткөөл куракка келгенде эмнегедир бийден тажап баштадым. 9-класста Россиядан балет жылдыздары концерт коюп келип калды. Жаңылбасам Антон Корсаков болушу керек, алардын бийлегенине суктанып маашырланып эле калдым. Ошондон кийин балетти сүйдүм!

— Адатта эркек балдардын балалыгы мушташ менен өтөт эмеспи, сиздики тынч эле болсо керек?

— Жок, кайдан. Мектептен да, училищеден да тентек кылчумун. Керек болсо балет мектебинен кууп жиберишип, 3-4 жылдан кийин кайра келгем. Көбүнчө балетте окуйсуң деп шылдыңдаган балдар менен мушташып эле кетчүмүн, аларды сабап салган да күндөр болду.

© Фото / Фернандо ЛопесКанат Надырбек уулун балетке агасы, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев алып келген
Солист Мариинского театра, премьер-балет Канат Надырбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Канат Надырбек уулун балетке агасы, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев алып келген

— Демек, бийчи деп шылдыңдагандар дароо токмок жечү турбайбы?

— Ооба ошондой болчу. 3-курсумда конкурска даярданып жатып бутумду кокустатып алып бир жыл театрда иштебей калгам. Андан кийин өз каалоом менен армияда кызмат өтөдүм. Ал жактан да сөз ыргытып тийишип, бийиме асылгандар менен мушташа кетчүмүн.

— Россиядагы чыгармачылык жолуңуз тууралуу кеп салсаңыз.

КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Эл аралык сыйлыктардын лауреаты Асел Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Прима-балерина Айдарова: көпөлөктөй болуп эле жыргап бийлеп жүрөт деп ойлошот
— Өзүм Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин экономика бөлүмүн сырттан аяктагам. Студент курагымдын орто ченинде чыгармачылыгымдын профессионалдуу жолу башталды.

Алгач Москвада жеке компанияга бийлеген видеолорумду жөнөттүм. Үч айдан кийин барып көздөрүнчө бийлеп бердим, ошентип алар мени жактырып келишим түздүк. Бирок бат эле Кореялык компанияга кетип калдым. Ал жактан да чыгып Бишкектеги театрда иштеп жүрдүм эле, айлыгына ыраазы болбой койдум. Ал ортодо Россиядагы белгилүү Мааринск теартынын төртүнчү сахнасы (борбору) Владивостокто ачылып калып ошол жакка кетип калдым. Сыртка акчага карап кеткен жерим жок, чыгармачылыкты өркүндөтүш керек болду.

© Фото / Геннадий ШишкинБийчи Надырбек уулу: балетте окуйсуң деп шылдыңдаган балдар менен мушташып эле кетчүмүн, аларды сабап салган да күндөр болду
Солист Мариинского театра, премьер-балет Канат Надырбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Бийчи Надырбек уулу: балетте окуйсуң деп шылдыңдаган балдар менен мушташып эле кетчүмүн, аларды сабап салган да күндөр болду

— Эмнеге Кореядагы компаниядан кетип калдыңыз?

— Адам иштегенди да, эс алганды да билиши керек. Жалкоолуктан эмес, кызыга турчу нерсенин жоктугунан тажап кеттим. Корея мен үчүн эмес экен.

— Сахнанын сүрү күч деп коет, Мааринск театрында кандай кызыктуу учурлар өттү?

— Бир жолу театр алгачкы ирет Жорж Баленчиндин "Аполлон" спектаклин коюп калды. Мен негизи көшөгө ачылаары менен секирип чыгышым керек эле. Чыгып беш секунддай токтоп калдым. Себеби үч балкон жык-жыйма элди көрүп таң бердим. Кызыктуу учурлар абдан көп. Кээде кулап, жерди таянып, өнөктөшүңдү көтөрө албай калган учурлар болот.

— Балерина кыздар бири-бирине өчөшүп калса бутка кийген пуантка ийне салып коет же формаларын катып салышат деп айтышат. Балдарчы?

— Эркек бийчилер чаттан өйдө жан жерди коргой турчу бандаж киет да. Ошонун ичине ысытып кычыштыра турчу майларды сүйкөп коюшат. Муну тамашалап же өчөшкөндө жасашат экен. Бирок мен бирөөгө же мага эч ким мындай кылган эмес. Бул көбүнчө улуу муундагы бийчилерге таандык.

© Фото / Геннадий ШишкинКанат Надырбек уулу: даражам "премьер балет", бул алдыңкы партиялардын бардыгын ойноду дегенди билдирет
Солист Мариинского театра, премьер-балет Канат Надырбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Канат Надырбек уулу: даражам "премьер балет", бул алдыңкы партиялардын бардыгын ойноду дегенди билдирет

— Бийчилер ар убак формада жүрүшү керек да, сиз диета кармабайсызбы?

— Жок, тамак ашты ылгабайм. Отуздан кийин сөөк кеңейип, салмак көйгөйү башталат деп коюшат. Азыр 27демин.

— Жаракат деп калдыңыз, сиздер көбүнчө буттун учун оорутуп алсаңыздар керек?

— Жок, муундардын ашташкан жеринен көбүрөөк жабыр тартабыз.

— Репетуарыңызда канча бий бар?

— Даражам "премьер балет", бул алдыңкы партиялардын бардыгын ойноду дегенди билдирет. Бийлердин саны өтө көп. Эң ириде "Баядеркада" Солордун, "Жизелде" Граф Альберттин, "Корсарда" Конраддын, "Ак куу көлүндө" Зигфрид ханзаданын, "Уйкудагы сулууда" Дезире ханзаданын ролун аткарган ролун аткаргам. Кыялым Николай Волковдун "Спартак" спектаклин ойноо. Бийди бардык жагынан аткаруу кыйын.

— Владивостокто жалгыз жашап, иштейсизби?

— Ооба.

— Көз күйдүргөн бойдоктордун катарында турбайсызбы?

— Сүйлөшкөн кызым бар. Аты Ирина Сапожникова, улуту орус. Экөөбүз кесиптешбиз, прима-балерина, Башкыртстандын Эмгек сиңирген артисти. Соңку келгенимде ата-энем менен тааныштырдым. Ак жоолугун салып жакшынакай тосуп алышты. Эми кыздын жакындары менен таанышканы барам. Кийинки жылы үйлөнөбүз.

© Фото / Ирина СапожниковаНадырбек уулу: сүйлөшкөн кызымдын аты-жөнү Ирина Сапожникова, улуту орус. Экөөбүз кесиптешбиз, прима-балерина, Башкыртстандын Эмгек сиңирген артисти
Солист Мариинского театра, премьер-балет Канат Надырбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Надырбек уулу: сүйлөшкөн кызымдын аты-жөнү Ирина Сапожникова, улуту орус. Экөөбүз кесиптешбиз, прима-балерина, Башкыртстандын Эмгек сиңирген артисти

— Ата-энеңиз уулунун башка улуттагы кызды жандап жүрүшүн кандай кабыл алды?

— Эң башкысы азыр түшүнүү менен карашат. Өзүм үйдүн жалгыз эркек баласымын, улуу эки эжем бар. Апам Кыргызстанга келгенде көпкө чейин кетиргиси келбей ыйлап-сыктап алат.

— Анан сүйлөшкөн кызыңызга Кыргызстан жагыптырбы?

— Абдан! Өзгөчө Ысык-Көлдүн кереметине керилип, жаратылышына суктанып, суунун тазалыгына суктанды. Күздө Чолпонбек Базарбаевдин фонду спектакль койсо, "Жизелди" чогуу бийлеп кетебиз.

© Фото / Салтанат АтабековаКанат Надырбек уулу: соңку келгенимде сүйлөшкөн кызымды ата-энем менен тааныштырдым. Ак жоолугун салып жакшынакай тосуп алышты
Солист Мариинского театра, премьер-балет Канат Надырбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Канат Надырбек уулу: соңку келгенимде сүйлөшкөн кызымды ата-энем менен тааныштырдым. Ак жоолугун салып жакшынакай тосуп алышты

— Балеттин өмүрү кыска деп коюшат, чыгармачылык аяктагандан кийин эмне менен алектенүүнү максат кылдыңыз?

— Туура, биз 35-40 жашка чейин бийлейбиз. Бул көбүнчө ден соолугуңа жараша, узак бийлейм десең жаракат албашың керек. Жакында эле прима-балерина Асел Айдарованын чыгармачылык кечесине катышып, бир топ жаш бийчилерердин талантына күбө алдым. Аларга азыр колдоо жана билим керек. Чоң сахнадан кеткенден кийин жаштарга тажрыйбам менен бөлүшсөм дейм.

© SputnikБалет бийчиси Канат Надырбек уулу: чоң сахнадан кеткенден кийин жаштарга тажрыйбам менен бөлүшсөм дейм
Солист Мариинского театра, премьер-балет Канат Надырбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Балет бийчиси Канат Надырбек уулу: чоң сахнадан кеткенден кийин жаштарга тажрыйбам менен бөлүшсөм дейм

— Кыргызстанга биротоло качан кайтып келейин деген ой барбы?

— Азырынча так айта албайм. Колдон келсе барып келип биздин опера балет театрында да иштесемби дегем, бирок мыйзамга туура келбейт экен. Болбосо Мааринск театрындагы кесиптештерим өз өлкөсүндөгү театрда да кошумча эмгектенип келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0