БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы Шакиров көчөсүндө Hyundai Porter унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу жабыркап, жүргүнчү аял каза тапкан. Учурда алардын тек-жайы такталууда.
Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми айдоочу Тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.