БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында ачык асман алдында концерт өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, концерт 29-июнь күнү 19:00дө башталат.
"Классикалык, эстрадалык жана элдик музыка сүйүүчүлөрү үчүн мэриянын эл аспаптар оркестри менен "Кыргыз руху" фольклордук ансамбли кызыктуу концерт тартуулайт", — деп жазылат маалыматта.
Эгер сиз Бишкекте эмес, Ысык-Көлдө болуп калсаңыз, 26-июндан 2-июлга чейин өтө турган "Менин мекеним — Кыргызстан" аттуу эл аралык балдар фестивалына катышып калыңыз.