БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде 26-июндан 2-июлга чейин "Менин мекеним — Кыргызстан" эл арадык балдар фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чараны КРдин Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштуруп жаткан "Сейтек" борборунан билдиришти.
Фестиваль быйылкы "Аймактарды өнүктүрүү" жылына жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналууда.
Иш-чаранын максаты — ар кайсы өлкөлөрдөн келген балдар менен окутуучулардын арасындагы карым-катнашты күчөтүү, бири-бирине, бөтөн маданиятка болгон сый-урматты бекемдөө.
Фестивалга жалпысынан 600 бала катышат.
Фестивалда ар кандай сынак, көңүл ачуучу оюн-зоок болуп, концерттик программа көрсөтүлөт.