БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Шейшемби күнү Бишкекте "Текстиль жана тигүү тармагы үчүн кадрлар" аттуу бош жумушчу орундардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Жарманке Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 10:00дөн 15:00гө чейин өтүп, 10-июнга чейин уланат. Бул иш-чара "Легром" ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.
Жарманкеге жумушчуларга муктаж болгон атамекендик өнөр жайлар катышат.
Текстиль жана тигүү компанияларына конструкторлор, дизайнер-технологдор, менеджер, тигүүчүлөр керек.
Буга чейин да жумуш издегендерге иш таап алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, 4 миңден ашык бош орундардын жарманкеси өткөн.