БИШКЕК, 31-май. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда менталдык арифметика боюнча эл аралык IV олимпиада уюштурулат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 14-июнда Чолпон-Ата шаарында уюштурулат. Ага КМШ өлкөлөрүнөн чогулган 4 жаштан 16 жашка чейинки курактагы жарым миңдей бала катышат.
Жыйынтыгында, жеңүүчүүлөр 23-июнда Дубайда өтө турган эл аралык олимпиадага жолдомо алат.