Коомчулукка "Ээнсиреген үй" тасмасындагы образы менен белгилүү болгон актер Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болду. Баса, Атай Өмүрбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Сынган кылыч" долбооруна катышып, каармандардын биринин үнүн коштогон.
— Жакында эле улуу жазуучу Шекспирдин "Макбет" спектаклинде Макбеттин ролун аткардыңыз. Бул роль кандайча сизге тийип калды?
— Өзүм үчүн дагы күтүүсүз болду. Бир жыл мурун спектаклдин режиссеру Сара Бержер келип баарыбызды кастингден өткөрүп, монолог айттырып кеткен. Кийин эле Макбетти мени аткарсын деген буйрук чыгып калыптыр. Чынын айтсам, аябай деле даярданган эмесмин. Бизге бул спектаклди коюуга 25 күн эле берип коюшкан. Жок дегенде эки ай бергенде образдарды мындан сонун ачып бермек болушубуз керек. Бирок кыска аралык ичинде биз Сара Бержердин оозун ачырдык. Англичандар көбүнчө сөзүнө көбүрөөк маани беришет экен да. Биз болсо сөз, кыймыл-аракет жагынан да спектаклди ийине жеткирдик десек жаңылышпайм.
— Окурмандарга өзүңүз тууралуу кыскача айтып кетесизби. Балалык чагыңыз кайда өттү эле?
— Мен 1985-жылы 24-апрелде кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгам (күлүп). Ата журтум Чүй облусуна караштуу Кайыңды айылы. Бирок ата-энем кичине кезимде эле ажырашып кетип, апам 1990-жылдары Бишкекке көчүп келген. Анда мен беш жашта болчумун. Апам бизди жалгыз багып чоңойтуп кыйын күндөрдү өткөрдү, ага карабастан турмуштун кыйынчылыгына майышкан жок. Бизди канатына калкалап, эч нерседен кем кылбай тарбиялап өстүрдү. Абдан ыраазымын. Балалык күндөр көпчүлүгү Ысык-Көлдө тай жагымда өтүп, 1-2-классты Барскоондогу балдар интернатында окудум. Атам менен апам ажырашып кеткенде мен кичине болуп көп деле нерсе билбей калдым. Бирок чоңоюп акыл-эс кирип калганда эркектин колдоосуна муктаж болуп, ата керек экенин билдим. Ошентип жүрүп мектепти бүткөндө, 17 жашымда атам менен көрүштүм. Азыр сүйлөшүп, катышып турабыз.
— Жалгыз баласызбы?
— Жок, байкем, эжем бар. Апам учурда Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгында бир бөлүмдүн башчысы болуп иштейт.
— Театрга кандайча келип калдыңыз эле? Эмне үчүн бул кесипти тандап алдыңыз?
— Кичине кезимде ар кандай ийримдерге катышып ырдап-бийлеп калчумун. Мектепте окуп жүргөндө куурчак театрында да иштеп, ортодон режиссер Жаныш Кулмамбетовдун аялынын куурчак театрында ойноп калдым. Ошол кезде Жаныш агай "окууну бүткөндө Искусство институтуна тапшырып көрбөйсүңбү" деп сунуштаган. Ага чейин туризм академиясына тапшырып өтүп кеткем. Өз күчүмдү сынап көрөйүн деп Искусство институтуна барсам ал жак да кабыл алды. Ошону менен күз келгенде байкап көрөйүн дедимби, айтор, буйрук экен, артисттин окуусун тандап алдым.
— Азыр жаңы чыккан тасмалардан сизди көп көрчү болдук. Кино жаатында кайсы тасма тушооңузду кести эле?
— Эң алгачкы чоң долбоорум режиссер Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасы болду. Тасмада мен баш каарман Аселдин (Марал Койчукараеванын) жигити болуп аткаргам. Ушул фильмден кийин мага башка тасмаларга тартылууга сунуштар көп түшө баштады.
— Тасма тууралуу коомчулукта ошол кезде ар түрдүү пикир айтылды. Сиз буга кандай карайсыз?
— Сценарийди окуп, киного тартылып баштаганда эле бул тасма курч социалдык драма экенин түшүндүм. Ооба, тасмада эротикалык эпизоддор бар болчу. Бирок аны ар бир адам өз акылына жараша баалады. Айрымдары так ошол жерин көрүш үчүн эле кинотеатрларга келип жатканын билебиз. Негизи фильмде чоң көйгөй катары кыргыз мигрант кыздарынын тагдыры, турмушу чагылдырылган.
— Ачык сценаларга тартылууда кандай сезимдер болду?
— Оңой болду деп айта албайм. Бирок менден да Маралга жаман болду, кыйналды, уялды. Бирок образын сонун кылып ачып берди. Анын үстүнө тартуучу топ да колдоп, экөөбүз кыз-жигит болгон үчүн бир аз жеңил болду окшойт.
— Марал Койчукараева менен тасмага чейин эле кыз-жигит белеңер же силерди "Ээнсиреген үй" табыштырдыбы?
— Марал экөөбүз тасмага тартыларда кастингден тааныштык. Бири-бирибизди жактырып, Москвада тартуу иштери жүрүп жаткан маалда сүйлөшүп баштаганбыз. Кыргызстанга келип Ысык-Көлдө мамилебизди ачыкка чыгардык.
— Демек, силерди тасма табыштырган турбайбы.
— Ооба, бирок Марал экөөбүз учурда эки ача жолго түшкөнбүз.
—…
— Бирге түтүн булатпай калганыбызга жарым жылдай болду. Ортобузда бир балабыз бар. Азыр төрт жашта. Марал дарыгер-ветеринар болгондуктан кесиби боюнча иштегени Москвага кеткен. Учурда жеке клиникалардын биринде эмгектенет. Үч жыл чогуу жашап жакшы күндөрдү өткөрдүк.
— Өзүңүз да атасыз чоңойсоңуз балаңыз кыйналып калат деп ойлогон жоксузбу?
— Ойлодум. Бирок мен өз атамдай болуп жоголуп кеткен жокмун да. Дайыма көрүшүп турабыз. Жакында эле менин колума келди. Жайкы каникулду бул жактан өткөрүп коюп, күзүндө апасына кетет.
— Байкашыбызча сиз көбүнчө терс каармандардын образын жаратасыз. Бир көргөн кишиге да кырс көрүнөт экенсиз. Негизи мүнөзүңүз кандай?
— Көп киши мүнөзүң кырс, сүрдүү көрүнөсүң деп айтат. Бирок мени менен кичине сүйлөшкөндөн кийин "сен таптакыр башкача турбайсыңбы" дегендер бар. Чындыгында өзүм бат жинденип, кайра тез эле жазылган ак көңүл адаммын. Сыртыман күчтүү, кырс көрүнгөнүм менен мүнөзүм жумшак эле.
— Актерлордун айлыгы аз деп айтышат. Кошумча каражат булактарыңыз барбы?
— Театрдын айлыгы болгону 4000 сом. Албетте, ал эч нерсеге жетпейт. Радиолорго ролик окуйбуз, жарнамалык роликтерге, тасмага тартылып гонорар алабыз. Айтор, ачка кала элекпиз.
— Кыргыз кинолоруна тартылууда жакшы эле гонорар төлөп беришеби?
— Ар кандай. Аткарган ролуңа жараша. Мындан мен эң көп гонорар алган "Ээнсирген үй" фильми болду. Ал жакта чындап эле каражат жагынан нааразы кылган жок. Тартылган күндөргө 150 доллардан төлөп берген.
— Жалгыз калуудан коркпойсузбу?
— Жалгыздыкка адам даярданышы керек. Бул — чоң сыноо, билем, бирок ага көп киши батына албайт. Азырынча кайра турмуш куруу оюмда жок.