БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында акысыз концерт уюштурулат.
Маалыматка ылайык, иш-чара КР Эл артисти Рейна Чокоеванын 80 жылдык мааракесине арналмакчы.
Концертке Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищесинин студенттери катышып, өз өнөрлөрүн тартуулайт.
Иш-чара 31-май күнү 18:30да башталат.
Рейна Чокоева — балет бийчиси, Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреты.