БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Үй-бүлө мүчөлөрү учактын ичинде ар башка орундуктарга отуруп калса бардык жүргүнчүлөргө коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости The Telegraph басылмасына таянуу менен жазды.
Улуу Британиянын Королдук авиациялык коомунун тастыктамасына ылайык, үй-бүлө мүчөлөрү учактын ар кайсы тарабында отуруп калса ыкчам эвакуациялоо учурунда убактысынын көбүн эле бири-бирин издөөгө коротуп, өзүнүн жана башкалардын өмүрүн коркунучка кептейт.
Ошондой эле жаш балдар үчүн учакка отуруунун мыкты шарттары көрсөтүлгөн. Эки өтмөгү бар чоң учактарда жаш балдар улуу кишилер менен бир катарга гана отурушу шарт. Ашып баратса, жанындагы өтмөккө гана жайгашып, үчүнчү өтмөккө отуруп алуусу сунушталбайт. Эгер муну аткаруу мүмкүн болбосо, анда жаш балдар улуулардын алды жана артындагы катарда отурушу коопсуз деп саналат.