БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда 12 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, баланы издөө иштери бир күнгө созулган.
"26-май күнү ӨКМдин куткаруучулары Сокулук айылындагы көлмөгө түшүп кеткен 12 жаштагы баланы издеп, 27-май күнү 08:30дар чамасында анын сөөгүн табышкан", — деп жазылат маалыматта.
Куткаруучулар сөөктү ата-энесине өткөрүп беришкен.