БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда Audi жана Subaru Forester үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 36 жаштагы аял көз жумду. Кырсыктан дагы жети адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, окуя 22-май күнү саат 16.30да аталган трассанын 308-чакырымында болгон.
Жерине чакырылган ӨКМ куткаруучулары каза болгон аялдын сөөгүн унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жаткырылды.