БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры май айынын аягында 92-театралдык сезонун жыйынтыктайт. Бул тууралуу мекеменин адабий бөлүмүнүн жетекчиси Нуркыз Рыскул кызы кабарлады.
Быйылкы театралдык сезонду жыйынтыктоочу спектаклдер 19-31-май күндөрү коюлат.
"19-25-майда Түркия драматургу Тунджер Джюдженоглунун "Бейтааныш", 30-31-майда Индиянын "Рамаяна" эпосунун негизинде жаралган Бактыгүл Чотурованын "Рамаяна" спекталки көрсөтүлмөкчү", — деди Рыскул кызы.
Анын айтымында, келерки сезон күз айларында ачылат.